• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун кызматкерлери жаңы жылды кайрымдуулук иштери менен баштады

Коом 0

Бишкек, 08.01.21./Кабар/. ИИМдин Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун кызматкерлери жаңы жылды кайрымдуулук иштери менен баштады. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун өздүк курам тарабынан жардам катары чогултулган акча каражаттарга Краснореченская жалпы билим берүүчү жана көмөк көрсөтүүчү интернатынын балдарына Жаңы жылдык майрамы менен куттуктап, полк командиринин кадрлар боюнча орун басары Айтмамат Мавлянкулов жана кадрлар тобунун тарбия иштери боюнча инспектору Жылдыз Байзакова балдардын ар бирине белектерин тапшырып келишти.

Жыйынтыгында милициянын полковниги Айтмамат Мавлянкулов Краснореченская жалпы билим берүүчү жана көмөк көрсөтүүчү интернатынын балдарына каалоо тилегин айтып, жаңы жылы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий