• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Күзгө карата даярдалып жаткан бардык 14 саламаттык сактоо объекттин каржылоосу ачык

Коом 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Күзгө карата даярдалып жаткан бардык 14 саламаттык сактоо объекттин каржылоосу ачык. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттиги билдирди.

Ал 14 объекттин куруу жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерине жалпы 187 млн сом каржылоо ачылган.

"Бүгүнкү күндө республика боюнча саламаттык сактоонун 5 объектисинин курулушу жана 9 оорукананын капиталдык оңдоо иштери толук кандуу аткарулууда. Белгилей кетсек, 2 объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Ал эми "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" КФ эсебинен Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында инфекциялык ооруканалардын жаңы 3 имаратын куруу жана республика боюнча 9 объектти капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары каржыланууда", - деп билдирет агенттик.

12 объекттеги иштерди сентябрь айында аяктоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий