• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бакиевдер чыгарып кеткен $4,6 млн Кыргызстанга кайтарылып берилет – алар эмнеге жумшалат?

Коом 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Бишкекте АКШ менен Кыргызстандын өкмөтү "Бакиевдин режими учурунда уурдалган активдерди кайтаруу" боюнча билдирүүгө кол коюшту.

Кол коюуга Кыргызстандын Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс катышты.

"Бул активдер Кыргызстандын элинен уурдалган. Аларды Америкадагы кесиптештерибиздин жардамы менен өлкөгө кайтарууну үмүттөнүп жатабыз. Алар кайтарылганда, ал каражаттар аймактык долбоорлорду каржылоого, маселен калкты таза суу менен камсыздоо жана медициналык жабдыктарды сатып алууга жумшалат", - деди Жээнбаева.

Ал эми Элис Уэллс мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү коррупция жана мамлекеттик мүлктү уурдоо менен тапкан активдерди өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткенин белгиледи. Ошондой эле ал, бул активдерди кайтаруу эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн бири-бирин түшүнүшүүсүнүн далили болорун кошумчалады.

"Учурда 6 млн. доллардын буйруктун негизинде алынган 4,6 миллиону Кыргызстандын өкмөтүнө кайтарылат. Өкмөт бул каражатты сот тармагы үчүн кошумча жаздыруучу жабдыктарды, айыл жергеси үчүн сууну тазалоочу система жана медициналык жабдыктарды сатып алууга коротот экен. Бул акчалар жумшала турган долбоорлордун максаты бизди кубандырды. Андан тышкары, сот залдарында видеокамераларды орнотуу КРдагы сот системасы ачык болуп жатканын көрсөтүүдө", - деди Элис Уэллс.

Пикир

Оставить комментарий