• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ушу тапта баш-аягы 150 миӊ гектар жайыттан айрылып калдык - К.Бокоев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. "Өлкөнүн жайыттарын бадал басып, бузула баштады. Ушу тапта баш-аягы 150 миӊ гектар жайыттан айрылып калдык. Бул үчүн ким жооп берүүгө тийиш? Жайыттарды бадалдан тазалоого бюджетте канча каражат каралган?", - деген собол салды депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеӊеш жыйынында. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

«Ошол эле Чаткал жергесиндеги малчылар жайлоого чыгалбай калыптыр. Көрсө, совет мезгилинде жайлоого ашып жүргөн бел азыр Өзбекстандын аймагына тийиштүү болуп калды. Өзбек тарап Түз ашуудан ары карай бир жолу, бери карай бир жолу гана өтүүгө уруксат бергендиктен, малчылар кыйналып жатат. Өкмөт тезинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул көйгөйдү чечиши керек», - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий