• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

К.Боронов өзгөчө кырдаал катталган жерге жөнөп кетти

Коом 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаал катталган жерге жеринде тиешелүү иш-чараларды уюштуруу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун берген маалымат боюнча, 2017-жылдын 3-майында саат 10:47де Тажик Республикасынын аймагында очогунда 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Шибе, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 6 балл сезилген. Кыргызстандын калган түштүк облустарында 4-5 баллга чейин сезилген.

Ал эми саат 11:06да жана саат 11:36да ошол эле очогунда кайрадан 4 жана 4,5 баллга жеткен жер титирөө (афтершок) катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жарбашы, Чак, Жаш-Тилек, Кара-Шыбак айылдарында 3 балл сезилген.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, саат 20:35те жана 21:09да Кыргызстан менен Таджикистандын чек арасында кайрадан очогунда 3-4 баллга жеткен жер титирөө (афтершок) катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 3,5 балл, Шибе, Кулчу айылдарында 2,5 балл сезилген.

Саат 02:03дө Тажик Республикасынын аймагында очогунда 5,5 балл болгон жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 5 балл, Карамык , Шибээ, Чак, Жар-Башы, Кулчу, Дароот-Коргон, Жаш-Тилек, Кара-Шыбак айылдарында 4 балл, Ачык-Суу, Кабык, Кызыл-Эшме, Кашка-Суу жана Кара-Кабак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий