• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

К.Иманалиев Копенгаген шаарындагы ЕККУ ПА Бюросунун жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясындагы (ПА) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин туруктуу делегациясынын башчысынын орун басары Каныбек Иманалиев 14-17- күндөрүндө Копенгаген Шаарындагы (Дания) ЕККУ ПАнын Бюросунун (Координациялык кеңеш) жыйынына катышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

ЕККУ ПАнын Бюро жыйынынын күн тартибиндеги 2018-жылы өтүүчү ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын Кыргыз Республикасында уюштурууга байланыштуу пункт боюнча Каныбек Иманалиев мындай маанилүү эл аралык иш-чарага даярдыктар толук кандуу жүрүп жаткандыгын баса белгиледи. Парламенттик Ассамблеянын Катчылыгынын баалоо миссиясынын үстүбүздөгү жылдын январь айында иш сапарынын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин Аппараты башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен аталган күзгү жыйынды жогорку деңгээлде өтүшү үчүн баардык уюштуруу аспектилердин чечимине ылайык тиешелүү иш-чаралар менен даярдыктарды көрүп жатат.

Ошону менен катар Бюро жыйынынын алкагында депутат Каныбек Иманалиев ЕККУ ПАнын төрагасы Георгий Церетели менен жолугушту. Тараптар Кыргыз Республикасындагы азыркы саясый кырдаалды талкуулашып, демократия коомдун талабына жооп берип, аны өнүктүрүү үчүн элдин дараментин ачууга баардык жагымдуу шарттарды түзөөрү боюнча бир пикирге келишти.

Жолугушуу жыйынтыгында Каныбек Иманалиев ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын Кыргыз Республикасында өткөрүү өлкөдөгү парламентаризм институтун бекемдөөгө тиешелүү деңгээлде салым кошоорун кошумчалады. Ошондой эле муну менен ЕККУга мүчө-мамлекеттердин делегацияларына өлкөбүз менен таанышууга жана ошондой эле демократияны өнүктүрүүдөгү жетишилген деңгээлди көрүүгө өбөлгө түзүлөрүн айтты.

Иш сапарынын соңунда Каныбек Иманалиев Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилигине Берлин шаарындагы ЕККУ ПАнын ар жылкы сессиясы өтө турган жерге Кыргыз Республикасы боюнча таанышуу стендин жана өлкөнүн туристтик, инвестициялык жагымдуулугу тууралуу презентация уюштурууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий