• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Канат Исаев: Ташкенттеги конгресске чейин тай казанды алуу маселеси көтөрүлгөн эмес

Коом 0

Бишкек, 02.03.19. /Кабар/. Ташкенттеги конгресске чейин тай казанды алуу маселеси көтөрүлгөн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, "Көк Бөрү" федерациясынын мурдагы башчысы Канат Исаев Жогорку Кеңештеги маалымат жыйынында билдирди.

Ал маалымат жыйыны Канат Исаев "Көк Бөрү" федерациясын жетектеп турганда "Түрк элдеринин салттуу оюндарынын ассоциациясына" Кыргызстандын мүчө болуусу боюнча документке кол коюусунун айланасындагы маселеге байланыштуу болду.

Маалымат жыйынында депутат, ал документке кол койгондо көк бөрүдө тай казан алынат, эреже өзгөрөт деген шарттар болбогонун билдирди. Ал белгилегендей, казак тарап Көчмөндөр оюндарында ири эсеп менен утулгандан кийин тай казан барда Кыргызстанды ута албашына көзү жеткенден улам аны алып салуу маселесин көтөрүп чыккан.

"Ташкенттеги конгресске чейин тай казанды алуу маселеси көтөрүлгөн эмес", - деди ал.

Анын айтымында, Ташкенттен кийин бул маселе Астанада каралары белгилүү болгондон кийин "Көк Бөрүнүн" жетекчилиги федерациянын башка мүчөлөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, маселени чечиш керек эле.

Пикир

Оставить комментарий