• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

К.Исаков: Кесиптик жогорку билим берүүнү реформалоо үчүн конкреттүү кадамдарга барабыз

Билим 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен Бишкекте жыйын өткөрдү. Министр кесиптик жогорку билим берүү системасындагы көйгөйлөргө токтолуп, аны чечүү жолдорун сунуштап, перспективалык кадамдарды белгиледи. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Министр кесиптик жогорку билим берүүдөгү бир катар көйгөйлөрдү белгилеп, окутуунун сапатын көзөмөлдөө боюнча механизмдердин ЖОЖдордо толук кандуу колдонулбагандыгын, университет жетекчилигинин чабалдыгы жана дипломдуу адистердин артында технологияларды башкаруу, маселени чечүү, критикалык ой жүгүртүү, иш билги жана башка жөндөмдөрдүн аздыгын айтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 65 жогоркуу окуу жайы бар. Алардын 32си мамлекеттик, калганы жеке менчик. Студенттердин саны - 168 935ти түзөт.

Пикир

Оставить комментарий