• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

К.Ташиев: Келечегиңерди сатпагыла, Сооронбай Жээнбековго добуш бергиле!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 11.10.17 /Кабар/. «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун өлкө аймактарындагы үгүт кампаниясына катышууда.

Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусу учурунда сүйлөгөн сөзүндө Камчыбек Ташиев бүгүн өлкө темирдей бекем тартип орнотууга муктаж болуп тургандыгын жана муну аткаруу Сооронбай Жээнбековдун гана колунан келе тургандыгын баса белгиледи. «Кимдир-бирөө мыйзам же тартип буза турган болсо мыйзамдын талаптарына ылайык жоопко тартылышы керек. Биз да өз учурунда мыйзамга жараша жоопкерчилик тартканбыз, муну баарыңыздар билесиздер», - деп эске салды Камчыбек Ташиев.

Ал Сооронбай Жээнбеков өлкөдө акыйкатты, тартипти жана адилеттикти орното ала турган инсан экендигин баса белгиледи. «Мен талапкерлердин бирөө Майлы-Сууга ири өлчөмдөгү акчаны таштап кетти деген маалыматты угуп жатам. Кандай максат менен? Элдин добушун сатып алуу үчүн. Урматтуу элим, урматтуу талапкерлер, мен силерге кайрылгым келет. Эгер элдин ишеничине э эболуп, добушун алам десеңер, 1000-2000 сомго добуш сатып алууга далбастабай, шайлоочулардын көйгөйлөрүн чечкенге аракеттенгиле. Майлы-Сууда жолдорго, таза сууга, инфраструктурага байланышкан көйгөйлөр жок эмес. Ошол жакка акча жумшагыла, элдин башын акча менен айлантпагыла», - деп айтты Ташиев.

Ал шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылгандарды жоопкерчиликке тартуу керектигин баса белгиледи. «Эгер эртең кимдир-бирөө добушуңарды сатып алгысы келсе, баарыңар биригип буга каршы турушуңар керек! Биз сатылбайбыз, биз Сооронбай Жээнбековду жүрөгүбүз, аң-сезимибиз менен тандап, ага гана добуш беребиз!», - деди Камчыбек Ташиев.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдындагы кампаниясын улантууда. Талапкер өлкөнүн дээрлик бардык аймактарына барып келди. Акыркы күндөрү ал Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарында шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдү. Алдыда Ош облусу жана Ош шаарынын тургундары менен жолугушуулар болмокчу.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 11.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий