• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

К.Ташиев өз талапкерлигин С.Жээнбековдун пайдасына алып салаарын билдирди

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 20.09.17 /Кабар/. Камчыбек Ташиев Кыргызстандын президенттигине болгон талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасына алып салаарын билдирди. Бул тууралуу ал Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен Барпы айылында болгон жолугушуусунда белгиледи. Камчыбек Ташиев Сузактын жашоочуларына ыраазычылыгын айтып, Сооронбай Жээнбековдун пайдасына талапкерлигин алып салып атканын билдирип, сузактыктарды жана “АтаЖурт” партиясынын мүчөлөрү менен тарапташтарын С.Жээнбековго добуштарын берүүгө чакырды.

“Урматтуу сузактыктар, мен сиздер менен жолугушканыма чоң кубанычтамын. Бул жолугушуунун уюштуруучуларынын бири Камчыбек Ташиевге да ыраазычылык билдирем. Ал соодалашпастан, кызмат сурабастан, “сен президент, мен премьер-министр” дебестен, мени колдоону чечти. Ал мага эч кандай шарт койбоду, Кыргызстандын туруктуулугу жана келечеги үчүн мени колдоду. Сиздерге жылуу тосуп алганыңар үчүн ыраазымын, ишенимиңерди актайм!”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал президенттик кызматта ишке ашыруучу пландары менен максаттары тууралуу жана буга чейин аткарган иштери жөнүндө айтып берди.

Өз кезегинде Сузактын тургундары Сооронбай Жээнбековду колдой тургандыктарын белгилешти, анткени ал бардык мамлекеттик кызмат баскычтарын басып өткөн таза инсан жана мамлекеттин жүгүн татыктуу көтөрүп кетээрине ишенишет.

Аталган жолугушууга 5 миңден ашуун шайлоочу келди.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: 20.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий