• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

К.Жолчубеков Ислам тилектештиги оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 18-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча спортчу Каныбек Жолчубеков Бакудагы Ислам тилектештиги 4-оюндарынын жеңүүчүсү болду.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, спортчу 59 кг салмакта чыгып, Иордания, Азербайжан жана Өзбекстан өкүлдөрүн жеңген.

Мындан тышкары, Дарья Тапанова 200 метр аралыкка сүзүү боюнча Ислам тилектештиги оюндарынын коло медалына ээ болду. Руслан Царев - Ислам тилектештиги оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча 71 кг салмакка чейинки категорияда күмүш байгеге татыктуу болду.

Үзүр Жусупбеков - Ислам тилектештиги оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча 71 кг салмакка чейинки категорияда күмүш медаль алды.

Эскерте кетсек, буга чейин дзюдочу Юрий Краковецкий өз салмак категориясында 1-орунду алган. Жалпысынан КРда 8 медаль болду: 2 “алтын”, 2 “күмүш” жана 4 “коло”. Медалдык эсепте Кыргызстан 12-орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий