• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

К.Жумаканов: “Кыргызстанда малдарды идентификациялоо толук кандуу жүрүп жатат”

Экономика 0

Бишкек, 28-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстанда малдарды идентификацялоо толук канду жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күнү ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо жүрүп жатат. Сынамык процесс Кара-Буура, Ысык-Ата жана Ноокат райондорунда башталган. Андан соң, 3 жыл бою республика боюнча ири мүйүздүү жана мүйүздүү майда малды идентификациялоо жүрөт. Долбоорду ишке ашыруу ЕАЭБ талаптарына жооп берген натыйжалуу, өз убагындагы идентификациялоо тутумун түзүүнү шарттайт. Бул өлкөнүн ЕАЭБге катышуусундагы маанилүү курамдык бөлүк гана эмес, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуунун олуттуу фактору болуп калат.

“Долбоорду ишке ашырууга бюджеттен акча албайбыз. Биз атайын 28 млн сом өлчөмүндө бюджеттик насыя түздүк. Ага бирка жана аны тагууга тиешелүү материалдарды сатып алдык. Бүгүнкү күнү биз 8 млн сом алып, аны бюджетке которууга даярданып жатабыз. Ошондой эле, дагы бир бюджеттик насыя алууга даярдык көрүүдөбүз”, - деп билдирип, идентификациялоо процесси мөөнөтсүз экенин белгиледи.

Эмнеге идентиффикацияланган малдын жаңы тагылган биркасы түшүп калууда деген суроого Мамветинспекциянын директору, мал бир нерсеге илип алганда түшүп каларын айтты. Жөн эле бирка түшүп калбайт. “Биз тендер өткөрүп, абдан сапаттуу биркаларды сатып алганбыз”, - деди К.Жумаканов.

Пикир

Оставить комментарий