• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

К2, К3 сапатындагы бензиндерди экспортко багыттоо керек - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 22- январда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынынын КР айрым мыйзам актыларына («Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө», «Экологиялык экспертиза жөнүндө» мыйзамдарга») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 2- окуунун режиминде каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча КР Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» мыйзамда атмосфералык абага физикалык таасирлер жана атмосфералык кубулуштардын жасалма өзгөрүүлөрү боюнча иш-аракетти жүргүзүүгө берилүүчү уруксаттын жок болгондугуна байланыштуу бул мыйзамдын 21 жана 36-беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү сунушталган. Ошону менен катар ЕАЭБдин стандарттарына ылайык келтирүү максатында бир катар түзөтүүлөр белгиленген. Башкача айтканда, атмосфералык аба дуушар болгон зыяндуу таасирди токтотууга багытталган өзгөртүүлөр сунушталган. Ага ылайык, Кыргызстанга 2021-жылдын 1-январынан тартып К2, К3, К4 экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана К2, К3, К4 экологиялык класстагы дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу салуу киргизилүүдө. Бул экологиялык класстагы күйүүчү майлардан дем алуу органдарына зыян келтирүүчү химиялык сера газы көбүрөөк чыгат. Анын кесепети дем алуу органдарын бара-бара ракка чалдыгышын шарттайт.

Талкууда депутат Абдимуктар Маматов К2, К3 сапатындагы бензинди экспортко гана багыттоо зарылдыгын айтып, Кыргызстанда бүгүнкү күндө абанын булганышын шарттаган бензин курамындагы бензол, сера газдарын аныктоочу лабораториялар жоктугун баса белгиледи. “Мындан улам өлкө аймагына кирген даяр продукциялар менен күйүүчү майларга кошулмаларга сертификаттар кандай берилери түшүнүксүз. Эгер бүгүнкү күндө жогорудагыдай лабораториялар жок болсо жасалма сертификат берилип келгенби” деген суроону койду. «Абаны сактоо үчүн лабораториялары модернизацияланганга чейин ички өндүрүүчүлөрдүн К2, К3 саптындагы бензиндерин экспортко багыттоо керек”,- дейт ал. Ошону менен катар А.Маматов абанын автоунаалардан чыккан түтүндөн коргоо максатында газ бензинге караганда он эсе таза күйөөрүн, өзүн өзү актаарын жана сертификат берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөр четттей тургандыгын эске алып, унааларды газга өткөрүүнү сунуш кылды. Депутат Абылкайыр Узакбаев өз маалында заманбап технологияда курулду деген мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводу К2 сапатындагы бензинди чыгара албай жатканын маалымдады. Депутат Асылбек Жээнбеков 2-3 жылдан бери эл ралык талаптарга жооп бере турган лабораторияларды курууга аракеттер көрүлүп ишке аша баштаганын айтып, эми күйүүчү майлардын сапатына сертификат берүүнү тартипке салуу жагын КР Өкмөтүнө тапшырууну сунуш кылды.

Тармактык комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров тиешелүү лабораториялар даяр эместигин, бул багытта КР Өкмөтүнүн так позициясы жок мыйзам долбоору сунушталып жаткандыгын сынга алды. Ошондой эле аткаруу бийлигине лабораторияларды сертификат бере турган абалга жеткирүү, сертификат берүүчү жактарды аккредитациялоо иштерин тартипке салуу, ички өндүрүүчүлөр продукцияларын сыртка сатуусун камсыздоо боюнча тапшырмаларды берүү менен каралган мыйзам долбоорун жактырууну сунуш кылды. Мындан сырткары 2019-жылдын 1-январынан тарта К2, К3 сапатындагы бензин рынокто сатылбашы керектиги белгиленди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору талкууда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий