• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ka4eli Fest фестивалынан кийинки антисанитардык шарттар үчүн айып салынды

Коом 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Бишкектин турак жай-коммуналдык чарба тармагын көзөмөлдөгөн вице-мэри Максатбек Сазыкулов мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Медер Амангелдиев менен биргеликте Тоголок Молдо жана Москва көчөлөрүн текшерип чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Спартак" стадионунда өткөн Ka4eli Fest музыкалык фестивалы учурунда администрация тарабынан тазалык жана тартип камсыздалган эмес.

"Буга байланыштуу КР өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 70-берене боюнча 13 миң сом айып салынды. Бирок, алар мыйзам бузууну мойнуна алышкан жок, ишти бузуулар боюнча административдик комиссия карайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө "Фармамир" компаниясынын бир бөлүгү болгон дарыкананын кызматкерлери тарабынан таштанды туура эмес жерге төгүлгөндүгү аныкталды. Аларга тиричилик таштандыларын ыргыткандыгы үчүн КР "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 71-беренесинин 1 -бөлүгүнө ылайык, 17 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Мындай рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий