• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Кабар" агенттиги Абу-Дабидеги Глобалдык медиа конгрессине катышууда

Коом 0

Бишкек, 16.11.22./Кабар/. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде өтүп жаткан Глобалдык медиа конгрессине катышууда.

Аталган аянтчада дүйнө коомчулугуна "Кабар" агенттигинин ишмердүүлүгү, максаттары тууралуу маалыматтар айтылып, таанытуу иштери жүргүзүлүүдө.

Глобалдык медиа конгрессинде ошондой эле кыргыз элинин маданияты, каада-салты, туристтик потенциалы менен жакындан тааныштыра турган көргөзмө уюштурулган.

Конгресстин ишине дүйнөнүн 50дөн ашык мамлекетинен 10 миңден ашык катышуучу келген.

Дүйнөгө белгилүү болгон эң алдыңкы телеканалдар, маалымат агенттиктери, гезит-журналдар жана медиа продакшндар өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырып, кызматташуу боюнча өз ара пикир алышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө ар түрдүү семинарлар, дебаттар, лекциялар, окуулар өтүп жатат.

Белгилей кетсек, 15-ноябрда өз ишин баштаган конгресс 17-ноябрда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий