• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кабар” агенттигин директоруна “КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 31.08.17. /Кабар/. “Кабар” Кыргыз улуттук маалыматтык агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиевге “КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы ыйгарылды. Маалыматка ылайык, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 30-августта социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ошондой эле, “КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды;

Аалы кызы Назира - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият, тарых, тил” каналынын продюсери;

- Болжуров Эркинбек Оторбековичке - Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин фотографы;
- Болокова Алмагуль Жакшылыковнага - Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү;

- Джангарачева Роза Камилевнага - “KORU” балдар студиясынын живопись жана сүрөт боюнча окутуучусу;
- Касмахунов Берат Вушизовичке - Чжэн Хэ атындагы Эл аралык маданий интеграция фондунун Башкармасынын төрагасы;

- Өмүров Кубандык Абдыкадыровичке - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын көркөм-коюу бөлүгүнүн башчысы;

- Орозобекова Чолпон Кенешбековнага - журналист, Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелери боюнча талдоочу;
- Пирогов Владимир Леонидовичке - “Вечерний Бишкек” гезитинин фотокабарчысы;

- Усубалиева Инабат Эшановнага - Бишкек шаарынын № 13 мектеп-лицейинин комузчулар ийриминин жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий