• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Кабар" агенттигинин директору Бухарадагы шайлоо процесси менен таанышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосуна эл аралык байкоочу катары келген "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев Бухара облусунда болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги жазат.

Таабалдиев Өзбекстандын 23-Бухара шайлоо округуна барган. Ал райондун иши, анын шайлоо тилкелеринин ишин координациялоо боюнча аракеттери менен таанышкан.

Ошондой эле "Кабар" агенттигинин директору Бухара медициналык колледжиндеги 31-шайлоо тилкесине, Бухара мунай-газ колледжиндеги 27-шайлоо тилкеси жана Бухара облустук юридикалык колледжиндеги 50-шайлоо тилкесинде болуп, шайлоочуларга түзүлгөн шарттар менен таанышкан.

Пикир

Оставить комментарий