• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Кабар" агенттигинин эмгек жамааты коронавирус менен күрөшүү фондуна бир күндүк эмгек акысын которду

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.20 /Кабар/. "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин журналисттери жана кызматкерлери КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдында ачылган коронавирус менен күрөшүү фондуна 30 миң сом өлчөмүндөгү бир күндүк эмгек акысын которду.

"Дүйнөлүк эпидемиядан бир гана Кыргызстан эмес, бүтүндөй дүйнө оор абалга келип, көптөгөн өлкөлөрдө оорудан адамдар каза болуп, дарыгерлер илдеттин жайылышын токтотуп жана жеңүүгө аракет көрүп жаткан учурда "Кабар" агенттигинин журналисттери жана кызматкерлери окуяны чагылдыруу жана маалымат жеткирүү менен гана алектене алган жок. Биз укук корго органдарынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын, айрыкча саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлеринин аракеттерине жогорку баа беребиз. Биз берген чакан каражаттын коронавирус менен болгон күрөштө пайдасы тиет деген үмүттөбүз", - дейт "Кабар" агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев.

Аны менен бирге ал жарандарды республикалык штабдын жана өзгөчө абал киргизилген шаар-райондордун коменданттарынын көрсөтмөлөрүн аткарууга, үйдө болууга чакырды.

"Бул жол менен өзүбүздү оорудан сактап, вирустун эл арасында жайылышын алдын алабыз", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий