• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Кабар» агенттигинин жаңылыктар бөлүмүнүн мурдагы башчысы Айнура Каниметова мезгилсиз дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 25-августунда «Кут Билим» гезитинин бөлүм редактору, «Кабар» КУМАнын жаңылыктар бөлүмүнүн мурдагы башчысы Каниметова Айнура Тобокеловна 50 жашка караган курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнө салды.

Айнура Каниметова 1970-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунда туулган. Бишкек гуманитардык университетинин орус филологиясы факультетин бүтүргөн.

2002-жылдан 2009-жылга чейин «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде кабарчы, андан соң жаңылыктар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ал эми 2011-жылдын март-май айлары аралыгында бөлүм башчы жана жаңылыктардын жооптуу чыгаруучусу болуп эмгектенген.

Ошондой эле Айнура Каниметова «Кут Билим» гезитинин бөлүм редактору жана корректору болуп эмгектенген. Билим берүү жана маданият министрлигинин басма сөз катчысы болуп иштеген.

Айнура Каниметова өз ишинин профессионалы болгон. Ал өзүнүн иш билгилиги, эмгекчилдиги, жөнөкөйлүгү, ийкемдүүлүгү жана адамдык мыкты сапаттары менен айырмаланып, жалпы жамааттын сүйүүсүнө жана урмат-сыйына ээ болгон.

Каниметова Айнура Тобокеловнанын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. «Кабар» агенттигинин жалпы жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз.

Пикир

Оставить комментарий