• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кабар” КУМА Кытайдын "Хуаньцюван" интернет басылмасы менен кызматташуу боюнча макулдашуу түздү

Коом 0

Сиань, 11.09.19. /Кабар/. "Кабар" Кыргыз Улуттук маалымат агенттиги "Хуаньцюван" ("Global times Online") интернет басылмасы менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол койду. Макулдашууга кол коюу иш-чарасы аталган сайттын Пекиндеги кеңсесинде болуп өттү.

Белгилей кетсек, ШКУга мүчө, байкоочу жана өнөктөш мамлекеттердин журналисттери Шанхай кызматташтык уюмунун ынак коңшулук, достук жана кызматташуу боюнча кытайлык комитети тарабынан Кытайга чакырылган. Журналисттер үчүн ШКУнун Катчылыгынын башкы катчысы, кызмат адамдары менен жолугушуу, жергиликтүү теле жана радио, тарыхый-маданий жайларга баруу ж.б. каралган.

Жолугушуунун башында сайттын башкы директору Шань Чэнбяо сайт тууралуу кыскача айтып берип, андан кийин макулдашууга кол коюу салтанаты болду. "Кабар" агенттиги менен катар интернет басылма менен кызматташуу боюнча макулдашууга Беларустун "Вестник Могилева" гезити, Монголиянын "Mongoliatoday.com", Тажикстандын "Avesta" сайты кол коюшту.

Жолугушуунун аягында журналисттер менен сайттын башкы редактору эстеликке сүрөткө түштү.

Пикир

Оставить комментарий