• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Кабар" КУМА менен Кувейттин KUNA маалымат агенттиги ортосунда кызматташтык тууралуу Макулдашууга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 29.01.19 /Кабар/. Дүйшөмбү күнү Кувейттин KUNA маалымат агенттигинин штаб-квартирасында “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиевдин KUNA агенттигинин башкы директору жана башкармалыгынын төрагасы Шейх Мубарак Дуайдж аль-Ибрагим аль-Сабах менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки агенттиктин ортосунда маалымат алмашуу жана адистерин тажрыйба алмашууга жиберип туруу тууралуу Макулдашууга кол коюлду.

Шейх Мубарак аль-Дуайдж "Кабар" агенттиги менен Макулдашууга кол коюлганына ыраазычылыгын билдирди. KUNA агенттигинин башчысы белгилегендей, бул макулдашуу эки тараптын жалпыга маалымдоо каражаттары тармагында кызматташууну колдоого умтулганын көрсөтүп турат. Макулдашуу эки өлкөнүн маалымат агенттиктерин өнүктүрүүгө, пайда жана тажрыйба алууга мүмкүндүк берет.

Ал Кувейтин маалымат агенттигинин ар кыл эл аралык медиа-институттар, өзгөчө маалымат агенттиктери менен Кыргыз Республикасындагы жана коңшу өлкөлөрдөгү кабарлар жана күндөлүк репортаждар менен алмашуу үчүн кызматташууга умтулганын билдирди.

Макулдашууга кол коюлгандан кийин кыргыз делегациясын KUNA кувейттик маалымат агенттигинин иши менен тааныштыруу болуп, Катар агенттигинин жаңы медиа кызматтары жана департаменттеринин орду тууралуу айтылды.

Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын Кувейттеги Элчиси Самаргүл Адамкулова жана "Кабар" агенттигинин медиа-эксперти Тынчтык Карымшаков, Башкы директордун каржы, административдик жана коммуникациялык тармак боюнча орун басары Абдулхамид Малак, директордун редакциялык тармагынын орун басары Саад аль-Али, маркетинг жана коомчулук менен байланыш боюнча директору Иссам аль-Роуай, Башкы директордун кеңсе башчысы Найеф Аль Отаиби катышышты.

Пикир

Оставить комментарий