• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Кабар” КУМА жаңы канат байлап, дүйнөлүк аренага чыга алды - Какчекеев

Коом 0


Бишкек, 07.12.17. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин ЖМКлар арасында маанилүү орду бар жана басылма мындай масштабга туура менеджменттин аркасында жетише алды. Мындай баасын агенттиктин 80 “Маалыматтын ишенимдүүлүгү эң маанилүү” конференциясынын жүрүшүндө саясат таануучу Токтогул Какчекеев берди.

Какчекеев 10 жыл мурда агенттиктин имараты жеке ишкерликке толуп кеткенин, бул көрүнүш аны медиа катары өз позициясын көрсөтүүгө жолтоо болуп турганын белгиледи.

“Бирок “Кабар” жаңы канат байлап, дүйнөлүк аренада өз ордун таба алды. Мында агенттиктин жетекчилигинин салымы зор. Сабаттуу менеджменттин арты менен анын деңгээлин көтөрө алышты”, - деди саясат таануучу.

Пикир

Оставить комментарий