• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

“Кабар” КУМА жана “Арменпресс” МА кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту

Коом 0


Бостери, 06.09.18. /Кабар/. “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги менен “Арменпресс” маалымат агенттиги кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Документке “Кабар” КУМАдан “Кабар” агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев жана “Арменпресстен” аткаруучу директор Арам Ананян кол койду.

Макулдашууга кол коюу Ысык-Көлдө өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги XXV мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин отурумунун алкагында жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий