• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Кабар” КУМА жана БАЭнин маалымат агенттиги кызматташтыкты тереңдетет

Коом 0


Абу-Даби, 18.11.22. /Кабар/. “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги (КУМА) жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) маалымат агенттигинин (WAM) ортосунда кызматташтыкты тереңдетүү жана өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Меморандумга БАЭде өткөн Глобалдык медиа конгрессинин алкагында аталган эки агенттиктин жетекчилери Медербек Шерметалиев жана Мохаммед Жалал Аль Райси кол койду.

Өз ара түшүнүшүү меморандумунда тараптар маалыматтык байланыштарды чыңдоого жана эки тараптын тең жалпы кызыкчылыктарына туура келген медиа институттарынын ортосунда достук мамилелерди жана жемиштүү кызматташтыкты орнотууну көздөйт.

Макулдашууга ылайык, тараптарды кызыктырган маалыматтар, сүрөт жана видеолорду акысыз алмашуу, экинчи тараптын макулдугусуз маалыматтарды үчүнчү тараптарга берүүгө, таратууга жана коммерциялык максатта сатууга укуксуз экендиги камтылган.

Пикир

Оставить комментарий