• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Кабар” КУМА жана “Central Asia international Development” кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 08.05.2018 /Кабар/. “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде “Кабар” КУМА жана “Central Asia international Development” кытай инвестициялык компаниясынын ортосунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду.

“Кабар” маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев билдиргендей, бул кытай инвесторлору менен түзүлүп жаткан агенттиктин маалыматтарын кытай тилине которууну камсыздай турган алгачкы меморандум.

“Central Asia international Development” кытай компаниясы өлкөдө бир катар ири долбоорлорду ишке ашырган Кыргызстандагы Кытайдын негизги инвесторлорунун бири болуп саналат. Биз тараптардын эки жак үчүн пайдалуу өз ара колдоосу жөнүндө Меморандумга кол коюп жатабыз. Эгерде агенттиктин кытай компаниясына маалыматтык колдоону камсыздаса, ордуна техникалык колдоо жана кытай тилине которууну камсыздоо мүмкүнчүлүгүн алат”, - деп билдирди К.Таабалдиев.

“Central Asia international” компаниясынын башчысы Юе Хуфе компаниянын Кыргызстандагы негизги ишмердиги жана КРнын экономикасын жакшыртуу каалоосу жөнүндө айтып берди.

“Биздин компания Кыргызстанда эки жылдан бери иштейт. Биз төрт тармакта иштейбиз: биринчиси бул минералдык ресурстар жана энергетика, каржылык кызматтар, санариптик экономикалык парк жана ишмердигибиздин төртүнчү багыты бул Кыргызстандын облустары жана шаарлары менен достук мамилелерин бекемдөө. Бүгүнкү меморандум кызматташуу боюнча алгачкы кадам болуп саналат. Биз кызматташуубуз аркылуу Кыргызстанга республиканын экономикасын өнүктүрүүгө аракеттешүү үчүн дагы көптөгөн кытай инвесторлорун тартабыз деп ишенебиз. Биздин кызматташуу аркылуу кытай окурмандары кыргыз маданият, каада-салттары жана эли тууралуу көп маалымат ала алышат. Кытай эли Кыргызстан тууралуу көптү билип, өнүгүүгө аракеттешүүсү үчүн”,- деп жыйынтыктады Юе Хуфе.

Пикир

Оставить комментарий