• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кабар” МАБ: Абайлаңыз, педофилдер!

Аналитика 0

Педофилдер учурда өлкөдөгү эң курч көйгөйлөрдүн бири. Канчалык мыйзамды катуу кылып, коркутуп, маалымат таратып, эскертип турса деле педофилдер жок болуп кеткен жок. Жыл сайын укук коргоо органдары берген статистика жүрөктү өйүтөт. Алсак, 4 айдын ичинде эле Чүй облусу боюнча зордуктоого байланышкан 12 факты аныкталган. Бул жабырлануучулар акыйкаттык издеп, укук коргоо органдарына кайрылган учурлар гана. Алардын көпчүлүгү уялып, окуянын жайылып кетишинен коркуп, аны жашырууну туура көрүшөт.

Үч айдын ичинде – апрель-июнь айларынын аралыгында Бишкек менен Чүй облусунун аймагында эле жашы жете электерди зордуктоого аракет кылган төрт факты катталган.

Алсак, Бишкекте киши 9 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган.

Милиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, эркек киши 2009-жылы туулган кызга келип, анын ата-энесине акча бериши керектигин айтып, үйдүн артына алып барып зордуктоого аракет кылган. Башка элдердин үндөрүн угуп калып качып кеткен.

Июнда турмуш туруу максатында кызды Нарын облусунун Жумгал районуна ала качып кетишкен. Жабырлануучунун эжесинин айтымында, аны күч менен үйгө алып киришкен. Эч кандай никесиз жана кыздын, ата-энесинин уруксаты жок эле аны 24 жаштагы жигит менен бир бөлмөгө камап коюшкан. Жигит кызды зордуктаган.

10-июлда Чүй облусунун Сокулук районунда белгисиз адам 10 жаштагы кызды зордуктаган.

Маалыматка ылайык, кыз базарда апасына жардам берип жүргөн, күндүзү эле даратканага чыкканда, аны зордуктап коюшкан.

“Кабар” агенттигине ИИМден билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде 129 “Зордуктоо” беренеси бар. Ал бир нече бөлүккө бөлүнөт, анын бирөөсүндө мындай деп айтылат: “Жашы жете электерди зордуктоо 20 жылдан өйдө же өмүр бою эркинен ажыратуу менен жазаланат”.

Бирок 2019-жылдан тарта КР Кылмыш кодексине киргизиле турган жаңы өзгөртүүлөрдүн алкагында 129 беренеге да өзгөртүүлөр киргизилген. Эми айкөлдүүлүк үчүн жаза мөөнөтү 15 жылга чейин кыскартылат.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев педофилдерди химиялык бычуу жазасы каралган норма киргизген Казакстандан үлгү алууга чакырды. Бирок бул идея колдоо тапкан жок.

Бирок тыюу салынган жемиштин даамы таттуу болуп чыкты. Эч кандай эреже жана мыйзамдар педофилдерге кылмыш кылууга тоскоолдук боло алган жок.

Психологдор билдиргендей, алгачкы кыймыл аракеттеринен педофилдерди аныктоого дээрлик мүмкүн эмес. Ал үлгүлүү үй кожоюну жана ишенимдүү жолдош болуп, көпчүлүктүн арасында айырмаланбашы мүмкүн. Бирок ал бардыгын түшүнүп туруп, балдар көп чогулган аянтчаларды издейт. Дарыгерлердин ою боюнча эркек кишинин абалы көпчүлүк учурда анын социалдык абалынан жана бала кезинде алган психологиялык жаракаттан көз каранды болот. Ал эми алардын балдар менен “кошулууга” болгон муктаждыгы бул – алар балдардын чөйрөсүндө өздөрүн эркин жана ишенимдүү сезүүлөрү менен түшүндүрүлөт.

Мындай кырдаал албетте түшүнүксүз абалга алып келет. Кызын аярлап, жакшы карап өстүргөн ата-эне үчүн өз баласынын оор кырдаалга туш болгондугун моюнга алуу кыйынга турат, бала тууралуу айтпай эле коелу. Зордуктоого кабылган жаш кыздар көпчүлүк учурда өз жашоолорун кантип улантып кетүү керектигин билишпейт. Бул психологиялык жарат адамдын аң-сезиминде өмүр бою калат.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий