• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Кабар" МАБ. Аймактарда Элдик курултай өткөрүүгө кандай даярдык көрүлүүдө

Аналитика 0

15-августта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Элдик курултай чакыруу жөнүндө жарлыкка кол коюп, аны ушул жылы 25-ноябрда өткөрүү белгиленген. Ошондон тартып Кыргызстанда Элдик курултайды өткөрүү жана анын күн тартиби боюнча даярдык иштери пландуу жүргүзүлүүдө. Биринчи Элдик курултайга делегаттарды тандоо жана көтөрүлгөн маселелердин сапаты үчүн ал эки этап менен өтөт.

Биринчи этап жергиликтүү деңгээлде, атап айтканда, 5-ноябрда Бишкек, Ош шаарларында жана өлкөнүн аймактарында өтөт. Мындай чечим Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы астында Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында кабыл алынган.

Жыйында Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан. Уюштуруу комитети тарабынан Элдик курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу иш-чаралары, анын ичинде айылдык аймактардан, шаарлардан, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан жана республиканын аймагындагы диний жамааттардан делегаттарды шайлоонун тартибин камтыган нускамалар бекитилди.

Ошентип, биринчи этапта жергиликтүү курултай өтүп, делегаттар тандалат, андан кийин ыйгарым укуктуу делегаттардын катышуусунда Элдик курултай өтөт. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу маселесин жергиликтүү кеңеш чечет. Делегаттар айыл же шаардын жашоочуларынын санына жараша жергиликтүү курултайда тандалат.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары жергиликтүү жамааттын курултайын өткөрүү боюнча комиссияны түзөт, өкүлдөрдүн санын аныктайт, ошондой эле жергиликтүү жамааттын жыйындарын өткөрүүнүн графигин белгилейт.

Чүй облустук администрациясынын аппарат жетекчиси Тилек Кенжетаев Баткен окуясына байланыштуу курултай токтоп калганына карабай ноябрь айына чейин жергиликтүү деңгээлде курултай өткөрүү боюнча бардык даярдык иштери бүткөрүлөт деп ишендирди.

“Азыр биз курултайды өткөрүүгө түздөн-түз катыша турган бардык жетекчилердин чогулушун, регламент боюнча сабактарды өткөрүп, курултайды өткөрүүнү пландап жатабыз. Андан соң алар жеринде калк менен түз иш алып барышат”, - деди Кенжетаев.

Эске сала кетсек, курултай маселеси көптөн бери көтөрүлүп келгени менен курултайды өткөрүү принциби Конституцияда жакында эле белгиленди. Бирок айрым саясатчылар Конституцияда кеңири баяндалган маселенин маңызына тереңдеп кирбестен курултай өткөрүү Жогорку Кеңештин ишин кайталайт деп каршы чыгышууда.

Тактап айтканда, Конституциянын 7-беренесинде: Элдик курултай – элдик өкүлдөр жыйыны. Элдик курултай кеңешүүчү, көзөмөлдөөчү жыйын катары коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет.

Ошол эле учурда 76-беренеде: Жогорку Кеңеш – КР парламенти, мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.

Албетте, бул органдардын функциялары ар кандай. Курултай депутаттардын функцияларын кайталайт деп чочулаган Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын чочулоолору таң калычтуу эмес. Анткени, мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү курултайдын делегаты боло алышпайт.

“Эл өкүлдөрү курултайга делегат боло алат. Курултайдын ишине жергиликтүү жамааттын атынан делегат шайланат. Делегаттарды эл өзү, жергиликтүү калк шайлайт”, - дейт уюштуруу комитетинин мүчөсү Бекбосун Бөрүбашов.

Ал курултайда көтөрүлүшү мүмкүн болгон маселелерге жана көтөрүлгөн маселелерге карата реакцияга токтолуп, учурда элдик курултайдын күн тартибин, жер-жерлерде кандай маселелер көтөрүлөрүн чечүү зарылдыгын түшүндүрдү.

“Бул саясий, экономикалык, социалдык, руханий жана коопсуздук маселелери. Мына ушулар курултайда талкуулана турган негизги маселелер. Анда миңге чукул делегат болот. Ар бир калкттуу пунктта көйгөйлөр – жол, мектеп, таза суу жана башка маселелер бар. Албетте, аларды жалпылап, социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселени көтөрүшүбүз керек. Азыр эң актуалдуусу Баткен окуясынан кийин коопсуздук маселеси болууда”, - деди Бөрүбашов.

Саясий серепчи Бакыт Бакетаевдин айтымында, курултай өткөрүү маселесинде президент саясий түзүмгө таянып, Элдик курултайды өткөрүү датасын жарыялап туура кылды, анткени Жогорку Кеңеш өзүнүн чыгымсыздыгын көрсөтүп жатат.

“Президент бийликти диверсификациялоосу керек. Ошондуктан ал Жогорку Кеңештин курултай жөнүндөгү Конституциялык мыйзамды кечеңдеткени менен элден келген өкүлдөр мамлекеттик процесстерге таасир этсин деп чечкиндүү чечим кабыл алды. Президент өз чечими менен бийликти курултай менен бөлүшүүнү чечти”, - деди Бакетаев.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий