• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Кабар" МАБ. Аймактарда өспүрүмдөр арасындагы чыр-чатактарды чечүү

Аналитика 0

Ош облусунун Жазы айыл аймагында International Alert уюму "Кыргызстандагы жамааттардын коомдук биримдигин түзүү иретинде тандалган жерлерде сабырдуулукту жогорулатуу" долбоорунун алкагында чыр-чатактарды алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Демилгелүү топ өспүрүмдөр арасында түшүнбөстүктөрдүн санын азайтуу максатында "Ырыс алды ынтымак" долбоорун баштаган.

Анткени, айыл жергелеринде миграциянын саны жогорку көрсөткүчтө турат. Бул өз учурунда окуучулардын көзөмөлсүз калышына алып келип, ар кандай чыр-чатактардын пайда болушун шарттап жатат.

Долбоордун алкагында демилгелүү топ ушул багытта эмгектенген адистердин катышуусунда тегерек стол уюштурган. Ага ата-энелер, мугалимдер, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, милиция кызматкерлери жана башкалар катышкан.

Атап айтканда, 1-февралда Жазыда психологдор чыр-чатактарды алдын алуу боюнча мугалимдерге тренинг өтүшкөн. Ал эми 2-февралда төрт мектептин окуучулары чогулуп, чыр-чатактарды чечүү, жөнгө салуу жана ачууланган учурда өзүн кармай билүү боюнча тренингге катышкан.

Оюндар жана көнүгүүлөрдүн жардамы менен психологдор жашоодо пайда болгон кыйынчылыктар, терс сезимдер менен кантип күрөшүү керектигин жана башкалардын пикирин да угуу керектигин айтып, көрсөтүп беришкен.

Тренингдин соңунда мектеп окуучулары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата дискриминация, ата-энеси мигрант болуп, туугандарынын колунда калган балдарга карта зордук-зомбулук жана кайдыгерлик, мектептеги рэкетчилик жана башка темаларда кичи көрсөтүүлөрдү даярдашкан.

Ошондой эле аталган долбоордун негизинде 11-февраль күнү Ташмаматов атындагы мектепте "Жөндөмдүү кол" аталышында акция өткөрүлдү. Акцияда Жазы айыл аймагынын 4 мектебинин окуучулары эмеректерди куруу жана оңдоо боюнча курстан өтүштү. Бирге иштеген окуучулар мектептин парта, үстөлдөрүн оңдошуп, кошумча берилген материалдардын жардамы менен отургучтарды жасашкан.

Аны менен бирге "Таза айыл" акциясын өткөрүү пландалууда. Ушул жана башка иш-чаралар менен демилгелүү топ Жазынын өспүрүмдөрүнүн ортосунда ынтымакты бекемдөөнү көздөөдө.

Буга чейин International Alert уюму медиация, чыр-чатак, коомдук сабаттуулук, жарандык коом, диний уюмдар жана башкалар боюнча тренингдерди өткөргөн.

Долбоордун активдүү катышуучулары демилгелүү топтун катарына кирип, өздөрүнүн долбоорлорун иштеп чыгышты. International Alert уюму окуучулардын долбоорлорун ишке ашыруу үчүн аларга грант бөлүп берди.

Пикир

Оставить комментарий