• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аймактарды өнүктүрүү – келечек муун үчүн жаңы мектептер

Аналитика 0

Кечээ, Чүй облусунда төрт мектептин жаңы корпустарына капсула салынып, ага өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Алтынбек Намазалиев катышты. Алардын курулушу коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн атайын эсептеги каражаттын эсебинен каржыланууда.

Белгилей кетсек, кечээ, Чүй облусундагы Чүй, Ысык-Ата, Сокулук жана Аламүдүн районундагы мектептердин жаңы корпустарына капсула салынды.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Алтынбек Намазалиев, бул иштер аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жасалып жатканын айтып өттү.

"Коррупцияга каршы күрөш жана коррупциядан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн каражат бирдиктүү депозиттик эсепте чогулат. Ошол бирдиктүү депозиттик эсептен Чүй облусундагы мектептердин курулушуна 461 млн сом бөлүндү. Бир мектеп Орок айыл аймагында курулуп жатат. Сентябрь айында президенттин катышуусу менен анын пайдубалына капсула салынган. Бүгүн алты мектептин пайдубалына капсула салып жатабыз", - деди ал.

Анын айтымында, элдин саны көбөйүп жаткандыктан облуста жаңы мектептерди куруу маселеси турат.

"Бүгүнкү күнү Чүй облусунда элдин саны өсүүдө. Мындан улам бизде мектеп куруу маселеси турат. Чүй облусунда аймактарды өнүктүрүү жарлыгы чыккандан кийин үч мектеп пайдаланууга берилди. Алар Москва, Панфилов жана Ысык-Ата райондорунда жайгашкан. Андан тышкары, башка булактардын эсебинен Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата жана Чүй райондорунда 4 мектептин курулушу башталды", - деди ал.

Жалпысынын облуста атайын эсептен 7 мектептин курулушу, андан тышкары, башка булактардын эсебинен 7 мектеп каржыланууда. Ошентип, облуста бул жылы 14 мектептин курулушу каржыланды.

"Андан тышкары, мектепке чейинки билим берүүгө көңүл бурулууда. 2019-жылы 7 бала бакча колдонууга берилип, 7 бала бакча курулууда. Алар келерки жылы пайдаланууга берилет", - деди Намазалиев.

Билим берүү объекттеринен тышкары, облуста спорттук объекттеринин курулушуна чоң көңүл бурулууда. Намазалиев белгилегендей, быйыл Чүй облусунда 19 спорттук объект пайдаланууга берилди.

"Ошондой эле маданий объекттерге көңүл бурулууда. Токмок шаарындагы, Аламүдүн, Москва жана башка райондордо маданият үйлөрүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан инфраструктура жакшырууда. Жолдор салынып, коммуникациялар жакшырууда. Бул иштер уланып, көп ийгиликтерге жетише турганыбызга ишенем", - деди ал.

Кашка-Суу айылында да мектептин жаңы корпусунун курулуш иштери башталып, айыл тургундары бул саамалыкка кубанып жатышат. Айыл тургуну Алмамбет Керимакуновдун айтымында, балдар башка районго караган мектепке баргандыктан алар көптөн бери жаңы мектепти күтүп жүрүшкөн.

"Бүгүнкү күн биз үчүн майрам болууда. Биз мектептин салынышын көптөн бери күттүк. Мектептен курулушу үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - деди ал.

Белгилүү болгондой, мурдатан эле жаңы мектептерди куруу маселеси болуп келген. Каржылоонун жоктугунан мектептин жетекчилерине бардык окуучулар билим алышы үчүн класстагы балдардын санын жана окуу нөөмөттөрүн да көбөйтүүгө туура келген.

Новопавловкадагы мектептин директору Турум Сатарбаеванын айтымында, мектептин жаңы корпусунун курулушунун башталганы жакшы иш болду.

"Биздин Новопавловка орто мектеби 900 балага эсептелген. Бирок учурда 3 миң 35 бала билим алат. Бизде үч нөөмөттө окушат. Сабактар саат 07:30да башталып, 18:30 чейин болот. Мындан улам мугалимдер үчүн да, балдар үчүн оор болууда. Жаңы мектептин курулушу биз үчүн кубаныч болду. Себеби, аны көптөн бери күткөнбүз. Жаңы корпусту кенже класстын окуучуларына берүүнү чечтик", - деди ал.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий