• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

“Кабар” МАБ: Апрель революциясынан кийинки Кыргызстандын ийгиликтери

Аналитика 0

Кыргызстандын тарыхында 2010-жылдын 7-апрели эң эсте каларлык күн болуп калды. Үстүбүздөгү жылдан бери бул күн Элдик апрель революция күнү аталып келет. 7 жыл мурда бул күнү бүткүл кыргыз эли үчүн өтө маанилүү окуя болгон жана көпчүлүгү апрель революциясы өнүгүү үчүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөнү толук банкрот болуудан сактап калды дегенге макул.

2010-жылы 7-апрелде нааразычылыкка чыккандар менен күч кызматкерлеринин кагылышынан 87 адам каза болуп, 1500дөн ашыгы жаракат алышкан.

Апрель революциясынан 7 жыл өткөндөн кийин Кыргызстан башка өлкө болду. Революциядан кийин чыгарылган эң негизги жыйынтык - республика үчүн президенттик башкаруу формасынын алгылыктуу эместиги, анткени ал бийликти узурпациялоого жана үй-бүлөлүк-кландык режимди түзүүгө алып келээри белгиленип, өлкө парламенттик-президенттик башкаруу жолуна түштү, андан кийин 2016-жылдын аягында Конституцияга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен парламенттик башкаруу формасына өттү. Бул өз кезегинде бийлик бутактарындагы ыйгарым укуктарды чектөө, алардын бири-биринин үстүнөн балансын жана текшерүүсүн көзөмөлдөөсүнө мүмкүнчүлүк берди жана келечекте кийинки президент тарабынан бийликти бир колго жыйноого жол бербейт.

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, акыркы 7 жылдын ичиндеги башкы жетишкендик тынчтык жана туруктуулук. “Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары туруп калды. Биз эч кимге кырдаалды туруксуздандыруусуна жол бербейбиз. Эми ким келсе дагы, өлкөнү аркага кайтарууга болбойт. Биздин өлкө улуттук жана маданий кайра жаралуунун тарыхый баскычынан өтүп жатат”,-деди Президент Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жыйынында.

Өткөн 7 жыл аралыгында өлкөдө туруктуу саясий система байкалды. Саясий атаандаштык көчө, пикеттик түрдөн парламенттин ичине өткөндүгү маанилүү факты болуп саналат, саясий талкуулардын маданияты жогорулады. Бул аралыкта жаңы бийликке каршы бир дагы маанилүү элдик чыгуу болгон жок.

Шайлоочулардын биометрикалык идентификациясын жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү технологияларды колдонуу менен шайлоонун жаңы ыкмасы 2015-жылы парламентке депутаттарды шайлоону жана жергиликтүү шайлоолорду таза өткөрүүгө жол ачты. Жаңы шайлоо ыкмасы мурдагы революциялардын негизги себептеринин бири – шайлоолордун жыйынтыгын бурмалоону жоё алганы менен көрүнүктүү болуп саналат.

Сот системасын реформалоо жаатында олуттуу даярдык иштер жүргүзүлдү, ал эми Конституцияга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү аны дагы да бекемдөөгө жол ачты.

Соттук корпустардын 3/2 бөлүгүнөн көбү жаңыртылды, соттордун материалдык базасын бекемдөө маселеси чечилди. Эксперттик жана жарандык коомчулуктун катышуусу менен парламент тарабынан жаңы сот адилеттигин жөнөтүү маселесин регламенттөөчү жаңы процессуалдык жана башка мыйзамдар иштелип чыгып, кабыл алынды. Соттордун ачык-айкын жана таза иштөөсүн камсыздаган жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу уланууда.

Акыркы жылдарда биринчи жолу коррупцияка каршы системалуу күрөшүү, мамлекеттик башкаруу органдарын андан тазалоо боюнча чыныгы иштер жүргүзүлө баштады. Акыркы 5 жылда эле 7 миңге жакын коррупциялык иштер аныкталды, анын ичинде жогорку деңгээлдеги чиновниктерге каршы кылмыш иши козголду. КР Президенти белгилегендей, эми баары мыйзам алдында бирдей жана эч кимге ырайым кылынбайт.

Укук коргоо органдарынын системасын толук кандуу реформалоо процесси башталды, анын максаты Ички иштер министрлигиндеги ишмердүүлүктү тартипке келтирүү, эң башкысы – жарандардын, мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыктарын коргоо, мыйзамдын кадыр-баркын калыбына келтирүү болуп саналат.

Мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө реформа жүргүзүлдү. Тактап айтканда армия менен башкаруу системасында Куралдуу күчтөр башкы штабы жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет түзүлүп, Куралдуу күчтөрдү кайрадан сапаттуу жабдуу жүзөгө ашырылууда. Бул өз кезегинде өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн кардиналдуу күчөтүүгө алып келди. Жаңыланган Конституцияга ылайык, укук коргоо жана коргоо системасында маанилүү шаймандардын бири – Өлкөнүн коопсуздук кеңешинин салыштырмалуу өзүнө ылайыктуу аты кайтарылды. Буга чейин Коргоо кеңеши өзү өзүнүн аталышы менен ишинин камтуу чөйрөсүн чектеп келген.

Тышкы саясатта Кыргызстан көп багытты карманып, ошол эле учурда чет өлкөлүк өнөктөштөр менен тең ата сүйлөшүп келет. Баарынан мурда тышкы саясатты алып барууда Кыргыз Республикасы бир гана улуттук кызыкчылык позициясын тутунуп келүүдө. Буга чейин мурдагы президенттердин учурунда мындай болгон эмес.

Кыргызстандын бардык коңшулар менен мамилеси жакшырып, коңшу өлкөлөр менен узак жылдар бою чечилбей келген көп маселелер чечилип жатат.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши Апрель революциясынан кийин өткөн 7 жыл аралыгындагы маанилүү кадамдардын бири болуп калды, мында дагы мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы биринчи орунда болду. ЕАЭБге кирбесе Кыргызстанда өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк болмок эмес, анткени негизги соода өнөктөштөр – бул Россия, Казакстан жана биримдиктин калган мүчөлөрү. Кыргызстандык эмгек мигранттарынын маселеси дагы мааниге ээ, алардын басымдуу бөлүгү Россияда эмгектенишет. ЕАЭБге кирүү өткөн жылы Кыргызстанга 20%га көп акча которууларды шарттады. Бул 1,9 млрд АКШ долларын түздү жана сумма каатчылыкка чейинки деңгээлге чыкты.

Муну менен катар Кыргызстан ЕАЭБде ИДПнын өсүү темпи боюнча лидер болуп саналат. Евразия экономикалык комиссиясынын министри Т.Валоваянын айтымында, Кыргызстан интеграциялык биримдиктин ИДПнын өсүү темпи боюнча гана эмес, өнөр жай өндүрүшү жана айыл чарбасы жагынан дагы лидер болуп саналат.

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген инвестициянын агымы көбөйүүдө. Алардын үлүшү 2012-жылдан 2015-жылга чейин 10%дан 36,7%га чейин, ал эми 2016-жылга чейин 48,2%га өскөн. Т.Валоваянын айтымында, 2016-жылы Кыргызстанга келген инвестициянын дээрлик жарымы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген.

Кошумчалай кетүүчү жагдай, Кыргызстанда экономикалык планда туруктуу өнүгүү уланууда. КРнын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2010-жылдан бери өлкөнүн ИДПсы 220 млрд сомдон 2016-жылы 458 млрд сомго жеткен, башкача айтканда эки эседен дагы көбүрөөк.

“Дүйнөлүк экономикалык жана финансылык каатчылыктын таасирине, энергетикага баанын түшүшүнө жана дүйнөлүк державалардын санкциялык каршы туруусуна карабай, Кыргызстандын ИДПсы ушул жылдар аралыгында туруктуулугун көрсөтүп келет, ал эми кыргыз сому КМШ өлкөлөрүнүн ичинен туруктуу валюталардын бири болуп саналат”,-деди А.Атамбаев Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында.

Өзүнүн жагымдуулугунун аркасында Кыргызстан Европа биримдигинин “ВСП+” макамын алган дүйнөнүн 10 өлкөсүнүн бири болду.

Акыркы 7 жылда бардык жетишкендиктер менен катар республика энергетикалык көз карандысыздыкка, андан тышкары туруктуу энергетикалык секторго жетишти.

Эки ири подстанцияны жана “Датка-Кемин” электр берүү линиясын куруу менен менчик электр энергетикалык шакекчени ишке киргизүү Кыргызстанды электр менен камсыздоодо көз карандысыз кылды.

Бул тармакты өнүктүрүүнүн кийинки баскычы – жаңы өндүрүш кубаттуулукту ишке киргизүү үчүн электр энергияны иштеп чыгуунун көлөмүн көбөйтүү. Ушул багытта мүмкүнчүлүктүү инвесторлор ири долбоорлорду сунуш кылышканда өлкөнүн экономикасы аксап калган, анткени энергетикалык ресурс талап кылынгандан аз болуп чыккан.

Мунун баарын мүмкүн болсо тезирээк чечүү керек, ошондо инвесторлор республиканын экономикасына өздөрүнүн салымын кошушат. Россиялык “Газпром” ЖЧК менен өнөктөштүк жаратылыш газын жана күйүүчү-майлоочу май жеткирүүдө коңшулардан көз карандылыкка чекит койду.

Кыргызстан транспорттук инфраструктура менен камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууда ишенимдүү бара жатат. “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолунунун курулушу толук кандуу жүрүүдө, борбордон Ысык-Көл облусуна чейинки жолдун курулушу бүттү, андан тышкары өлкө боюнча жана анын чек арасынан чыгуу мүмкүнчүлүгү менен жүктөрдү ташуу үчүн маанилүү болгон көптөгөн айланып өтмө жолдор колдонууга берилди.

Муну менен катар “Манас” эл аралык аэропортундагы каттамдардын санын көбөйтүү боюнча иштер уланууда. Жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан бардык иш-чаралар өлкөнү туңгуюктан транзиттик өлкөгө айлануусуна жол ачат.

Айыл чарба өндүрүшчүлөрү үчүн дагы жашоо-шарт жеңилдеп бара жатат, анын эсебинен тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндө маселелер чечилүүдө.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүүнүн эсебинен фермерлерди жана өлкө боюнча ар түрдүү долбоорлорду колдоо улантылууда. Фермерлер мурдагыдай 22%дан эмес, жылына 6-10%дан насыя ала алышат.

Социалдык чөйрө дагы мамлекеттин көңүлүнөн тышкары калган жок. Эл аралык финансы институттарынын отчету Кыргызстандын жакыр өлкө болуп эсептелбей калганынын көрүнө айтып жатышат, ал эми өткөн мезгилдердеги жакырчылыктын жеткен чегин 4,5 эсеге кыскартууга мүмкүн болду.

Алдыда дагы көп иштер турат. Бирок, 2010-жылдагы Апрель революциясы жөнөкөй элдин жана бүтүндөй мамлекеттин жашоосун олуттуу өзгөрткөнү факт бойдон калат.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий