• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Кабар” МАБ. Башка өлкөлөрдөгү бейөкмөт уюмдардын иштөө принциби

Аналитика 0

Кыргызстанда бир нече депутат “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)” мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ал мыйзам долбоорунун демилгечилери − Б.Райымкулов, Ж. Мусабекова, Б.Турусбеков, У.Примов, У.Кыдыралиев, Е. Строкова, А.Исмаилова.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, ал мыйзам долбоору менен гранттык, бюджеттик каражаттардын, ошондой эле акысыз негизде берилген акча каражаттарынын эсебинен иш жүргүзүп жаткан коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тийиштүү форма боюнча финансы каражаттарынын түзүлгөн булактары жана чыгымдоо багыттары жөнүндө маалыматты бере тургандыгын караган ченемдер сунушталат. Көрсөтүлгөн талаптарды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.

Айрым депутаттар билдиргендей, коммерциялык эмес уюмдардын ачыктыгы аларга болгон ишенимди арттырат. Алардын айтымында, Кыргызстан ачыктык жолун тандап “Ачык өкмөт” эл аралык уюмунун мүчөсү болгон. Учурда “Ачык маалыматтар” саясатын ишке ашыруу жүрүп жатат. Ал боюнча мамлекеттик мекемелердин, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын белгилүү бир маалыматтарынын ачыктыгын камсыздоо каралууда.

Башка мамлекеттерде бул сыяктуу мыйзам көптөн бери иштеп келет. Европада бейөкмөт уюмдардын бюджетиндеги чет жерден каржылоо менен байланышкан маселелерди милдеттүү эсеп тапшыруу, ошондой эле өзүн-өзү жөнгө салуу аркылуу чечишет. Европа кеңешинин алкагында 2003-жылдан бери – “Европадагы бейөкмөт уюмдардын макамынын негизги прициптери” жалпы алкактык документи иштеп келет.

2017-жылы Венгрияда парламент чет элдик каржылоосу бар бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөткөн мыйзамды кабыл алган. Ал мыйзамга ылайык, чет жерден 24 миң евродон кем эмес каржылоо алган бейөкмөт уюмдар “чет элдик каржылоо алган уюм” катары катталып, жыл сайын отчет тапшырышы керек. Ал талаптарды аткарбаган уюмдар жабылат.

Германияда бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө каржылык көзөмөл жалпы негизде, бардык юридикалык жактарга каралгандай жүргүзүлөт. Чет жерден каржылоо алган (белгилүү бир ченден баштап) бардык менчик түрүндөгү жана башкаруу органында чет элдик жарандар бар уюмдар кошумча отчетторду тапшырат.

Коммерциялык эмес уюмдардан ачыктыкты жана каржылык отчеттуулукту талап кылган мыйзамдар Африкадагы мамлекеттерде бар.

Египетте ассоциация жана фонддордун түзүлүшүн, каржылоосун жана ишин жөнгө салган мыйзам бар. Ички жана тышкы булактардан Тилектештик жана социалдык адилеттүүлүк министрлигинин уруксатысыз каражат алууга болбойт. Уруксатсыз каржылоо үчүн алты айга чейин эркинен ажыратуу жана 2 миң египеттик фунт өлчөмүндө айыппул каралган.

Эфиопияда 2009-жылы кайрымудуулук жана коомдук уюмдар боюнча декларация кабыл алынып, ага ылайык бюджетинин 10%ынан көбү чет элдик булактардан түзүлгөн бейөкмөт уюмдарга “резидент-уюм” деген аныктама колдонулат.

2012-жылы Алжирде да ал сыяктуу “Коомдук бирикмелер тууралуу” мыйзам кабыл алынып, ага ылайык “тиешелүү түрдө негизделип, өлкөнүн компененттүү бийлик органдары тарабынан уруксат берилген же компененттүү бийлик органдары менен тиешелүү макулдашуусу бар” уюмдардан тышкары, калган ассоциацияларга дипломатиялык миссия жана чет элдик бейөкмөт уюмдардан каржылоо алууга болбойт.

Бангладеште бейөкмөт уюмдарга өкмөттүн макулдугусуз чет элден каржылоо алууга болбойт. Чет элдик каражаттарды алуу боюнча арызды бейөкмөт уюмдар менен иштөө боюнча бюро карайт.

2011-жылы Израилде Кнессет “Бейөкмөт уюмдардын каржылоосунун ачыктыгы тууралуу” мыйзамды кабыл алган. Бардык бейөкмөт уюмдар үчүн келген кайрымдуулук каражаттары боюнча отчет тапшыруу тартиби киргизилип, аны аткарбагандарга айыппулдар каралган. Бейөкмөт уюмдар жылдын ар бир чейрегинде чет жерден алынган каражаттар тууралуу отчет тапшырууга тийиш. Чогултулган маалыматтар ачык реестрде жарыяланат. Чет элдик каржылоосу бар долбоорлордун алкагында даярдалган брошюра, баракча, жарнамалык роликтерде уюмдар ал тууралуу аудиторияга маалымат бериши керек.

Израилде чет жерден жашыруун акча алып жаткан бейөкмөт уюмдарга карата мыйзамды катаалдантуу боюнча талкуу жүрүп жатат. Маселен, ири өлчөдө айыппул салуу, айрым учурда алардын ишин токтотуу сунушталууда.

Түндүк Америка

Бейөкмөт уюмдарынын чет элдик каржылоо ишмердүүлүгүн катуу көзөмөлгө алган мамлекеттердин өкмөтү эл аралык уюмдардын жарандык коом тармагына ашыкча басым жасоо боюнча берген комментарийлерине жооп катары АКШнын тажрыйбасына шилтеме беришет. Жыйынтыгында 1938-жылы кабыл алынган Foreign Agents Registration Act (FARA) мыйзамы бүгүнкү күндө “чет элдик агент” туурасындагы эң белгилүү мыйзам болду. 1960-жылы ага оңдоп-түзөөлөр киргизилип, FARA ар кандай түрдөгү уюмдарды камтып, биринчи кезекте чет элдик бизнес жана саясий лоббини көзөмөлдөөгө багытталган.

Мыйзамга ылайык, “чет элдик башчысынын буйругу, суранычы, жетекчилиги же көзөмөлүндө” иш кылган жана “чет элдик жетекчисинин кызыкчылыгында саясий ишмердүүлүк” менен алектенген жеке же юридикалык жак чет элдик агент деп эсептелет. Эң негизгиси эгер сотто кайсы бир уюм буйрутмачы адамдын тапшырмасы менен анын кызыкчылыгын коргоп жатканы далилденбес, анда эч ким ал уюмду “чет элдик агент” деп атоого укугу жок.

FARA мыйзамын бузгандыгы үчүн эң жогорку жаза 5 жылга эркинен ажыратуу же 10 миң долларга чейин апыппул салуу каралган. Бирок 1966-жылы киргизилген өзгөртүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартуунун далилдеринин тизмесин кеңейткен. Мыйзам кабыл алынган күндөн бери төрт адамга гана айыптоочу өкүм чыгарылган.

Жалпылап айтканда, дүйнөлүк практика жана айрым мамлекеттердин тажрыйбасы боюнча, Кыргызстанга бейөкмөт уюм жана коммерциялык эмес уюмдардын каржылык ишин көзөмөлдөгөн мыйзам долбоору керек. Чет элдик каражаттар бар болгон каржы операциялары көзөмөлдөнүшү кажет. Бул маселеде тараптардын талкуусу мыйзамда каралган нормаларга тиешелүү болуп, мыйзамга каршы келбеши керек.

Пикир

Оставить комментарий