• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Кабар” МАБ: Бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнүн дүйнөлүк практикасы

Аналитика 0

XXI кылымдын башында дүйнөлүк саясат өзгөрдү. Глобалдык башкаруу процесстеринде мамлекеттер аралык жана эл аралык мамилелердин мамлектеттик эмес катышуучуларынын орду чоң боло баштады. Алардын ичинде эл аралык бейөкмөт уюмдарды айтууга болот.

“Ага байланыштуу заманбап саясат илимине эл аралык бейөкмөт уюмдардын глобалдык башкаруу процесстериндеги орду жана маанисин изилдөө зарыл. Эл аралык бейөкмөт уюм дүйнөдөгү башка-башка өлкөлөрдүн коомчулук өкүлдөрүнүн бирикмеси. Алардын баары БУУнун уставынын принциптерине жана эл аралык укуктун нормаларына туура келиши керек”, - дейт саясий серепчи Александр Наумов.

Мамлекетер аралык уюмдарга караганда бейөкмөт уюмдар мамлектер ортосундагы келишимдин негизинде түзүлбөйт. Алар жеке жана юридикалык жактардын биригүүсү аркылуу түзүлөт.

“Иш жүзүндө эл аралык бейөкмөт уюмдар бир мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык катталган уюмдаштыруучу документтердин негизинде түзүлөт. Бирок юридикалык жактан эл аралык бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгү эл аралык укуктун нормалары боюнча жөнгө салынат. Ал БУУ тарабынан аларга консультативдик макам берүү аркылуу болот”, - деди ал.

Эл аралык бейөкмөт уюмдардын глобалдык башкаруудагы көйгөйлөрдү чечүүдөгү ролу ар кыл формада көрүнөт. Бүгүнкү күнү ал түзүмдөр гуманитардык жардам, адам укуктарын жана айлана-чөйрөнү коргоо, тынчтык жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери менен алектенип, билим берүү жана спорттук долбоор ж.б. багыттарда иш алып барып келет.

Саясий серепчи Владимир Жамновдун айтымында, бейөкмөт уюмдары менен коммерциялык эмес уюмдар эл аралык жана мамлекеттер аралык мамилелерде салмагы болгону менен мурдагыдай эле алсыз тарап болуп келет. Айрым бейөкмөт уюмдар, анын ичинде постсоветтик аймактагы кээ бир уюмдар айрым бир тараптардын кызыкчылыгына ылайык иш алып барат.

Дүйнөлүк практиканы алсак, бейөкмөт уюмдар өкмөт жана дүйнөлүк коомчулукка жөнөкөй адамдардын арыз-муңун жеткирип, мамлекеттик органдардын ишине көзөмөл жүргүзүп, көпчүлүктүн жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде коомдук-саясий жашоого катышуусуна өбөлгө болот.

“Алар ар кыл, аны менен катар глобалдык көйгөйлөргө анализ жана эксперттик баалоо жасап, “алдын ала кабар берүүчү” механизм катары иш алып барып, эл аралык келишимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө жардам берет. Глобалдык бейөкмөт уюмдардын эл аралык укук нормаларынын аткарылышын камсыз кылуудагы орду кеңейүүдө. Эл аралык бейөкмөт уюмдар эл аралык коомчулуктун пикиринин калыптанышына, дүйнөлүк саясаттын күн тартибинин түзүлүшүнө таасирин тийгизүүдө”, - дейт Наумов.

Эксперттин айтымында, көпчүлүк бейөкмөт уюмдар конкреттүү бир маселени чечүү үчүн түзүлгөн. Маселен экологиялык (“Гринпис”, Жапайы жаратылыш дүйнөлүк фонду), гуманитардык (Кызыл Жарым ай жана Кызыл Крест эл аралык комитети), адам укуктарын коргоо боюнча уюмдар (“Эл аралык мунапыс”, “Хьюман Райтс Уотч”), атайын илим багытындагы (Пагуош кыймылы, Рим клубу), спорттук (Эл аралык Олимпиада комитети), диний (Дүйнөлүк чиркөө кеңеши).

Гуманитардык багыттагы иштеген эл аралык бейөкмөт уюмдар даректүү кайрымдуулук иштерди аткарып, калктын аярлуу катмарына азык-түлүк, дары-дармек, кийим-кече ж.б. жардамдарды көрсөтүп келишет.

“Штаб-квартирасы АКШ, Германия, Улуу Британия жана башка батыш өлкөлөрүндө орун алган ири эл аралык бейөкмөт уюмдар үчүн билим берүү жана илим тармагы артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Ал бейөкмөт уюмдардын борбору батыш маданиятын, ой жүгүртүүнү жана жашоону жайылтуунун очогу болуп саналат. Андай билим берүү багытындагы ишмердүүлүктүн белгилүү бир ченде пайдалуу экенин моюнга алып, ал программаларга катышуу аркылуу ар кайсы мамлекеттердеги адистер батыш түрүндөгү демократиянын тарапташы болуп, өзүнүн өлкөсүндө эмес, башка ал түзүмдөр каржыланган өнүккөн өлкөлөр үчүн актуалдуу болгон ишмердүүлүк жана маселелерге багыт ала баштайт”, - дейт Наумов.

“Мен Беларус, Россия жана Борбор Азия аймагында ишмердигин жүргүзгөн бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдарга карата айтылган сындарды угуп келем. Ал уюмдар мамлекеттик институттар, расмий бийлик менен конструктивдүү багытта иштесе жакшы болмок. Кызматташуунун мамлекет үчүн да, бейөкмөт уюмдар үчүн да жакшы жактары бар. Бирок ал уюмдар каршы тарапка туруп, бийликти сындайт. Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар мамлекет менен байланышты жөнгө салууну максатын коюш керек. Диалог куруу керек”, - деди Жамнов.

Ошол эле учурда эл аралык масштабда эл аралык уюмдар аткарган ийги иштер тууралуу айтууга болот. Гуманитардык багытта иштеген эл аралык бейөкмөт уюмдар күн сайын миңдеген өмүрлөрдү куткарат, муктаж болгон адамдарга жардам берет.

“Ошондуктан ар түрдүү бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө көңүл буруу, алардын ишмердүүлүгүн талдоо, андан жакшысы бийлик түзүмдөрү менен диалогго чакыруу керек. Ачыгын айтыш керек, мурда СССРге кирген өлкөлөр ар кыл философиялык, саясий, гуманитардык, экономикалык мүнөздөгү багыттар үчүн сыноо аянтчасы катары кабыл алынат. Мен конструктивизм үчүнмүн. Ар бир тарап бири-бирине сый мамиледе болуш керек. Ар кандай бейөкмөт уюмдардын түзүмүн жна ишмердүүлүгүн изилдөө керек. Алар да расмий бийлик менен байланышка барышы зарыл. Чет жеде мыйндай практика бар. Постсоветтик алкакта да кызматташууну жолго салуу керек”, - деди Жамнов.

Пикир

Оставить комментарий