• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Кабар» МАБ: COVID-19 Кыргызстанда: Президент өлкөдөгү кырдаалды толук көзөмөлдөп жатат

Аналитика 0

Кыргызстан учурда өз тарыхындагы эң оор мезгилди башынан өткөрүп жатат. Коронавирустук инфекция жанан анын жайылышы жалпы дүйнөлүк масштабда зыян келтирип жаткандыгын белгилей кетүү керек. Пандемиядан улам бүтүндөй дүйнө экономикасы чоң сыноону баштан кечирүүдө. Дүйнөдөгү социалдык, коомдук кырдаал курч бойдон калууда. Бирок дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн айырмаланып, Кыргызстан бардык кыйынчылыктарды татыктуу тосуп алды, ал эми бийлик болсо кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөө үчүн колдон келген чараларды көрүп жатат.

Эксперт Евгений Донченко билдиргендей, «Кыргызстандын президенти ушул тапта ички жана эл аралык деңгээлдеги аренада көптөгөн жолугушууларды өткөрүүдө. Эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Республиканын аймактарындагы абалды көзөмөлдөп жатат. Ошондой эле баардык жооптуу адамдардын ишмердүүлүгүнө тынымсыз негизде мониторинг жүргүзүп жатат. Бул жерден оң натыйжаны көрүүгө болот. Өлкөдөгү социалдык-коомдук абал баштапкыдай туруктуу деңгээлде турууда. Экономика тууралуу айта турган болсок, азырынча кандайдыр бир тыянакка келүү али эрте. Бүткүл дүйнөлүк система олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болот. Ошондуктан да айрым мамлекеттердин экономикасында боло турган өзгөрүүлөргө анализ жасоо азырынча мүмкүн болбой жатат. Бирок Кыргызстандын өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар олуттуу кризиске жол бербейт деп айта алам. Сооронбай Жээнбеков да кырдаалды көзөмөлдөп жатат жана бул өз кезегинде республика калкынын саламаттыгын сактоого багытталып кабыл алынган чечимдердин өз маалында аткарылышын шарттайт».

Теманы улай эле айта кетүүчү жагдай, кун мурун Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Аида Исмаилованы кабыл алды.

Жолугушууда коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылуусуна жол бербөө, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана медицина кызматкерлери менен калктын социалдык аярлуу катмарына колдоо боюнча чаралар талкууланды.

Жээнбеков учурда социалдык блок боюнча вице-премьер-министрдин көңүлү саламаттыкты сактоо маселесине өзгөчө бурулушу керектигин билдирди. Коомчулуктун жана эксперттердин пикирлерин эске алуу менен бул системадагы кемчиликтердин баарын ыкчам жоюу керектигин баса белгиледи.

«Бул абдан маанилүү. Анткени, президент системадагы кемчиликтер темасын көтөрүп жатат. Бул Кыргызстанга учурдагы кырдаалдан пайдалуу сабак алууга мүмкүнчүлүк берет. Учурдагы кырдаал айрымдардын өндүмдүүлүгүн жана кризис мезгилинде өз милдеттерин аткара билүүсүн текшерүү үчүн психологиялык сыноо дагы болуп саналат. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан туш болгон жагдайды туюп турат жана кылдаттык менен аракеттерди жасоодо. Ишке ушундай мамиле кылуу менен республика учурдагы кыйын кырдаалга туруштук бере алат», - дейт эксперт.

Мамлекет башчысы билдиргендей, адистердин анализине ылайык, өлкө инфекцияга чалдыгуунун эң жогорку чегине жакын арада жетет. Медициналык мекемелерди өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, вируска каршы дары-дармектер, тест-системалар, жеке коргоочу каражаттар жана башка зарыл каражаттар менен жабдуу аркылуу камсыздоо жана толук даярдыкка келтирүү зарылдыгын баса бегиледи.

«Бул бурулуш учуру болот. Эгерде Кыргызстан инфекцияга чалдыгуунун эң жогорку чегинин алдын ала алса, кийин бир кыйла жеңил болот. Биринчи кезекте, экономикадагы туруктуулукка жана олуттуу кризиске жол бербөө үчүн ар кандай инструменттерди издөөгө көңүл бурса болот. Бирок азырынча өлкө COVID-19`дун айланасындагы кырдаал кандайча өңүттө өнүгө тургандыгын күтүүдө. Ооба, күн сайын вирус жуккан жаңы учурлар тастыкталууда, бирок башка өлкөлөргө салыштырмалуу бейтаптардын саны анча көп эмес. Бул оң жагдай», - деп баса белгилеп өттү Донченко.

Дал ушул жагдайга басым жасаган президент Жээнбеков, медицина кызматкерлеринин түзүлгөн кырдаалдагы талыкпаган эмгегин дагы бир жолу өзгөчө белгилеп өттү.

Ошондой эле мамлекет башчысы ооругандарды дарылоодо коронавирус инфекциясынын жугузуп алуу тобокелдигин азайтуу үчүн аларды жеке коргоочу каражаттар менен толук камсыз кылуу зарылдыгына көңүл бурду. Врачтарга жана медперсоналга эмгек акыларын жана кошумча берилүүчү төлөмдөрдү өз маалында берүүнүн маанисин баса белгиледи.

Кыргызстандын лидери жакынкы мезгилге өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүшүнүн ар кыл сценарийлерин иштеп чыгуу керектигин айтты. Ошондой эле калкка вируска байланыштуу учурдагы кырдаал, гуманитардык жардамдын жана жарандар менен уюмдардан атайын эсепке түшүп жаткан каражаттар жана алардын бөлүштүрүлүшү боюнча толук жана ачык-айкын маалымат берүү зарылдыгына токтолду.

«Жардамга муктаж бир да адам тийиштүү жардамсыз калбашы керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен катышуучулары жана Апрель революциясынын баатырлары социалдык төлөмдөр менен өз маалында камсыздалышы керектигине көңүл бурду.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова өлкөдөгү коронавирус инфекциясы боюнча азыркы кырдаал жөнүндө маалымат берди. Ал билдиргендей, илдеттин алкагында байланышта болгондордун бардык контакттарын аныктоо жана обсервацияга, же үй карантинине жайгаштыруу боюнча күчөтүлгөн иштер улантылып жатат.

Андан тышкары, ал маалымдагандай, оору жуктуруп алган 116 медициналык кызматкердин ичинен 36сы врачтар, калганы кичи жана орто медициналык персонал жана башка кызматкерлер.

Вице-премьер-министр дарыгерлерге бардык кошумча төлөмдөр өз убагында берилерин белгиледи. Бул максатта 38,5 миллион сом бөлүнүп берилген, апрель айында 132 миллион сом бөлүп берүү пландалууда.

Исмаилова билдиргендей, жакын күндөрү коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жардам берүү жана тажрыйба алмашуу үчүн Кытай менен Польшадан медицина адистеринин келиши күтүлүп жатат. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, аймактарга гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жана эсепке алуу тууралуу акыркы маалыматтарды камтыган онлайн режимдеги интерактивдүү карта жайгаштырылган платформа иштелип чыкты.

Андан тышкары, вице-премьер-министр кошумчалагандай, тиешелүү органдар менен биргеликте дары-дармектердин баасын жөнгө салуу, айрым фармацевтикалык компаниялар тарабынан баалардын көтөрүлүшүнүн себебин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Жумуш баардык тармакта кызуу жүрүп жаткан кези. Эң негизгиси, учурда курч бойдон калып жаткан өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга жетишүү. Белгилей кетсек, 2020-жылдын 18-апрели саат 10:00гө карата республика боюнча коронавирус жуккан жаңы 17 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде өлкөнүн башкы санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурблот Үсөнбаев маалымдады. Анын айтуусуна таянсак, катталган жаңы учурлардын ичинен Ош облусунда – 5, Нарын облусунда – 11 жана Ош шаарында – 1 учур бар. Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 506 адамга жетти.


«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий