• 80.26
  • 79.23
  • 1.36

“Кабар” МАБ: Эң туура кадам - алгачкы: Аймактарды өнүктүрүү жылы

3378 кароо Аналитика 0

2018-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында түзүлгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун биринчи отуруму өттү.

Өлкөнү өнүктүрүү үчүн, биринчи кезекте, региондорду өнүктүрүү керек. Мен буга тереӊ ишенемин. Айыл жеринде жетекчи болуп иштедим, губернатор болдум, Премьер–министр катары, Президенттике талапкер катары Кыргызстандын бардык булуӊ-бурчун кыдырып чыктым. Элдин талабын уктум. Бардык көйгөйлөрдү өз көзүм менен көрдүм. Ошондуктан 2018-жылды – Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялаган Жарлыкка кол койдум”,- деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин бул чечими эмне үчүн маанилүү?

Саясий баяндамачы Аркадий Гладилов белгилегендей, “узак убакыттан бери республикада аймактарды өнүктүрүүдө дисбаланс сакталып келгенин айта кетүү керек. Эгерде буга тиешелүү көңүл бурулбаса, анда көйгөйлөр дагы эле кала бермекчи жана глобалдык аймактык кризиске алып келиши мүмкүн. Учурда өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү бир же эки гана аймактан көз каранды экенин белгилеп коюу керек. Бардык негизиги жашоо, өндүрүштүк кубаттуулук өлкөнүн борборунун айланасында жүрөт. Бирок Бишкектен тышкары республикада мурда өлкөгө ири пайда алып келген башка да шаарлар бар эмеспи. Алардын өзүнүн багыты болгон жана белгилүү бир аймактарда көптөгөн маселелерди чечишкен”.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, “мамлекеттин негизги эки экономикалык инструменти - салык-бюджет саясаты жана акча-кредит саясаты территорияларды өнүктүрүүгө түз түрткү бере албай жатат”.

Мамлекеттик бюджеттин кирешелери негизинен бир-эки шаарда топтолуп, жергиликтүү бюджеттердин борбордон көз карандылыгы күчөдү. Айрым айылдардын өздөрү чогулткан кирешелери алардын борбордон алчу трансферттеринен аз болуп калган учурлар бар”, - деди президент.

Жээнбеков кошумчалагандай, “акча-кредит саясаты территорияларды өнүктүрүү маселесине ылайыкташкан эмес, аймактарда бир дагы өз алдынча банк пайда болгон жок. Экономикалык саясат тармактык принципке гана таянып, аймактардын өзгөчөлөгүн эске алууга ылайыкташкан эмес”.

“Эгерде өлкөнүн бардык облустарын салыштыра турган болсок, аймактар ортосундагы зор айырмачылыкты байкоого болору талашсыз. Бири өнүгүп бара жатса, башкаларына көңүл бурулбай калууда. Чүй облусунда гана бир кезде миллионер-колхоздор статусуна ээ болгон, жогорку сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүрүүдө алдыңкы айылдар бар. Бул чарбалардын базасында топуракты изилдеген, анын түшүмдүүлүгү үчүн зарыл заттарды колдонууну жөнгө салган селекциялык станцилар иштеген. Ошондой эле бул “Селекциялар” урук, анын генетикасы, өндүрүмдүүлүктү жакшыртуу менен алектенишкен”, - деп белгилейт эксперт.

Учурда болсо, айкын болгон көрүнүш – ким күчтүү болсо, ал өзүнө бюджеттик, гранттык жана насыялык каражаттарды тартып жатат.

КР Президенти белгилегендей, “жашырганда эмне, кайсы региондон чиновниктер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатат. Аймактык лобби күчөдү. Ал эми калган региондордун өнүгүүсү артта калды. Өнүгүүнүн балансы бузулду”.

“Мына ушундан социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү, калктын кирешесиндеги олутуу аймактык айырмачылык сакталууда. Дагы бир маанилүү учур, тигил же бул аймактын, кыйла тагыраагы, айылдын, айлы өкмөтүнүн өндүрүштүк потенциалын билгендер аз. Мисалы, айдоо аянттарынын потенциалын жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн, мал чарбачылыгын, жайыт, дан өндүрүү потенциалын”, - деди эксперт А.Гладилов.

Өз сөзүндө С.Жээнбеков “региондордун өнүгүүсүндөгү айырмачылыктар артта калган региондордун эмгекке жарамдуу калкынын ийгиликтүү региондорго көчүп кетүүсүнө алып келүүдө. Аймактарда эмгек ресурстарына болгон муктаждык Бишкек шаарына жана Чүй облусуна караганда бир кыйла төмөн. Бүгүнкү күндө Бишкек шаары жана Чүй облусу өлкөнүн региондорунан мигранттар тынымсыз агылып келип жаткан зона болуп калды”, - деп баса белгиледи.

Дагы бир маанилүү маселе – калктын көчүп кетүүсү. Бул жер-жерлерде квалификациялуу жумушчу ресурстарынын жетишсиздигине алып келет. Президенттин айтымында, маанилүү аспект катары быйылкы жылдан тарта жашоо ана эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлө баштаганын эсептөө керек. Кайра иштетүү заводдору, тигүү фабрикалар жана башка стратегиялык объектилерди куруу зарыл. Дал ушундай жайлардын пайда болушу менен калктын ички миграциясын токтотууга болот. Ал эми өлкө жетишсиз болуп жаткан дисбаланска жетишет.

Кыргызстандын президенти белгилегендей, “Бул көйгөйлөрдүн баарын рынок өзү чечет, мамлекеттин кийлигишүүсү зарыл эмес деген позиция жарабай калды. Мындан ары, бул көрүнүштү кескин өзгөртүү зарыл. Региондорду өнүктүрүүгө системалуу мамиле жасап, бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн олуттуу, анын ичинде мыйзамдык жаңы чечимдерди кабыл алуу зарылчылыгы жаралды”.

Жумушчу топтун кеңири маселелери

Жумушчу топтун мүчөлөрү төмөнкү маселелерге көңүл буруулары керек:

1. Бюджеттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө, салык топтоодо региондук дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени жоюу керек. Калктын жыштыгын, айылдын, райондун, облустун географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аймактык пландаштыруунун критерийлерин жана стандарттарын иштеп чыгуу зарыл. Бул ишти жалгыз эле каржы министрлигине калтырбай, башка министрликтер менен ведомстволор, жергиликтүү бийлик чогуу аракет кылып, элдин бакубат жашоого, сапаттуу билим алууга, ден соолукка, маданиятка жана спортко болгон муктаждыгын эске алышы керек.

2. Кредит саясатын аймактардын муктаждыгын эске алуу менен, туура жүргүзүү керек. Улуттук банк акча-кредит саясатына региондорду өнүктүрүүгө багытталган жаӊы элементтерди кошуусу зарыл. Бүгүнкү күндө жеңилдетилген пайыз менен берилүүчү насыялар, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттары плансыз, системасы жок эле бөлүштүрүлүүдө. Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай калып жатат. Ошондуктан инвестициялык каражаттардын ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү зарыл. Айылбанк, Гарантиялык фонд, РСК банк муну эске алышы зарыл.

3. Аймактарда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сатуу жана кайра иштетүү маселеси. Аймактарда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү ишканаларын курууну жандандыруу зарыл.

4. Региондун экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн кайра иштетүү тармагына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ар бир облустун бренди болушу керек.

5. Аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн, аларга эмне керек экендигин жакшы билем. Жергиликтүү калк менен болгон жолугушууларда негизинен – таза суунун жетишсиздиги, өнүкпөгөн ирригациялык система, социалдык объектилердин – мектептердин, ооруканалардын, бала бакчалардын жетишсиздиги, начар жолдор, сапатсыз тейлөө ж.б. турмуштук көйгөйлөр айтылат. Калкты таза суу менен камсыз кылуу жана санитария - Кыргызстанда негизги маселелердин бири.

6. Мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу системасын региондук жана жергиликтүү деңгээлде кайра карап чыгуу зарыл. Азыр райондогу мамлекеттик администрациянын да, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин да мүмкүнчүлүгү чектелүү. Аларга мүмкүнчүлүк бериш керек. Бирок, ошол эле учурда катуу талапты да коюш зарыл. Ошондо реалдуу жоопкерчилик болот.

7. Жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү дагы бир маселени атайын өзүнчө бөлүп айта кетейин. Акыркы кезде айыл өкмөт башчысын же шаар мэрин шайлоодо жергиликтүү кеңеш жөндөмсүздүгүн көрсөткөн учурлар көп болууда. Эгер жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү маселелерди чече албаса, анда ошондой жөндөмсүз кеңештин ыйгарым иштөө мөөнөтүнө мамлекеттик түз башкарууну киргизип, мамлекеттин ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындоо аркылуу жалпы жергиликтүү кырдаалды башкаруу муктаждыгы келип чыгат. Мыйзамда мамлекеттик түз башкаруу институту бар, бирок ал бир да жолу пайдаланылган эмес. Башкаруунун ушул куралын пайдаланууга убакыт жетти көрүнөт.

Ошентип, жогоруда белгиленген максаттарды ишке ашыруу менен мамлекет айыл жергесинде жашоо ыӊгайын жакшыртып, жеринде жумуш орундарын түзүп, миграцияны азайта алат. Демек, муну менен катар бугна чейин тиешелүү көңүл бурулбай келген зор көйгөйдү чечүүгө болот.

Президент Жээнбеков айткандай, “2018-жылы региондорду колдоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү саясатын түп-тамырынан өзгөртүү үчүн бекем негиз түзүп, ар бир регион боюнча узак мөөнөттүү программаларды кабыл алуу керек”.

Антон Кубицкий
Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий