• 84.8
  • 96.12
  • 1.11

“Кабар” МАБ: КРдагы саясий туруктуулук. Президент Жээнбеков жана анын бул иштеги сиңирген эмгеги

Аналитика 0

Мамлекеттин өнүгүшү саясий туруктуулуксуз мааниси жок.

Саясат таануучу Дмитрий Захарченко билдиргендей, “мамлекет коом сыяктуу динамикалык түрдө өнүгүп жаткан система. Андыктан анын натыйжалуу иштешинин актуалдуу милдеттеринин бири болуп туруктуу абалга, ички тынчтыкка, аталган системанын бардык компоненттеринин жана институттарынын тең салмактуулугуна жетүү эсептелет”.

Кыргызстан глобалдык жана убактылуу чаралар боюнча тез арада саясий туруктуулукка жетти. Мамлекет качандыр бир кезде Советтер Союзунун курамына кирген жана саясий институттарды өз алдынча өнүктүрүүгө, көз карандысыз ички саясат менен алектенүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон. Мамлекеттин саясий гарант катары өнүгүүсүнө жарандык коом дагы катышарын унутпашыбыз керек.

90-жылдары Кыргызстан башкалар салган жолдун изи менен баскан. Коом көз карандысыздыктын биринчи жылдарында өз алдынчалыкка жана эркиндикке, жаңы мүмкүнчүлүктөргө акырындык менен көнө баштаган.

2000-жылдары жарандык коом, коомдук пикир, саясий эрк активдүү түрдө түзүлө баштады. Алардын арты менен эл саясий туруктуулук жана алдыдагы өнүгүү үчүн бүгүнкү негизди түзгөн бардык процесстердин ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Захарченко белгилегендей, жалпы теоретикалык планда өзгөрбөөчүлүк жана туруктуулук сыяктуу категориялар стабилдүүлүк түшүнүгүнө жакыныраак болот. Алар коомдук жашоонун ар кандай тармактарында болуп жаткан артыкчылыктуу өзүнчө спецификалык процесстерди мүнөздөйт. Саясий түзүмдүн стабилдүүлүгүн баалоодо анын иштешин мамлекеттик институттардын өзүн өзү жөнгө салуучу потенциалды түзүүчү реалдуу мүмкүнчүлүктөр менен салыштыруу маанилүү.

2017-жылы 24-ноябрда демократиялык шайлоо жолу менен президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбеков саясий стабилдүүлүктүн курсун өзүнө ишенүү менен улантууда. Ал тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылы өлкөнүн өнүгүүсүнүн жиберүүчү чекити болгонун белгилеп кетүү керек. Иш-аракеттердин бул планы ушул жыл менен гана чектелген эмес жана аймактык өнүгүү боюнча иш кийинки жылдары дагы уланат. Стабилдүүлүк – бул мамлекеттин бардык субъектилерин интеграциялык процесстерге толугу менен тартуу. Буга чейинки жетекчилер аталган маанилүү аспектиге керектүү көңүл бурушкан эмес. Ал эми Жээнбеков бул нерсеге дароо киришти. Аталган конструктивдүү багыттагы алгачкы кадамдар оң мүнөздө болгонун моюнга алуу керек.

Саясий стабилдүүлүккө жетүү жолдору кайсылар?

“Стабилдүүлүк дайыма системанын өнүгүүсүнүн ички логикасы менен, анын түзүмү жана курамдык бөлүктөрүнүн өз ара аракетинин тартиби менен, алардын биргелешкен кыймылынын параметрлери жана вектору менен байланыштуу. Жөнөкөй тил менен айтканда, саясий стабилдүүлүккө жетүүдө мамлекет жана эл деген эки уюл активдүү ойношу керек. Кыргызстан мамлекет катары элге жакын боло баштаган учурга келгенибизди белгилеп кетүү керек. Ушул жерден бийликке болгон ишеним өсөт. Бул өз кезегинде саясий стабилдүүлүктүн оң өсүшүнө таасирин тийгизет”, - дейт эксперт.

Эксперт мамлекет ички тынчтыкты кепилдөө боюнча милдеттерди ийгиликтүү чечүү максатында саясий системанын реалдуу абалын баалоону жана тең салмактуулукка жетүү боюнча мүмкүн болгон термелүүлөрдүн жана тиешелүү чаралардын божомолдорун иштеп чыгууну камсыздаган теоретикалык-ыкмалык курал керектигин бидирди. Бул бийликтин, анын негизги элементтеринин иштеши, алардын ар кандай адамдардын социалдык топтору менен өз ара аракетинин мүнөзү жана саясий институттар менен байланышкан стабилдүүлүктүн өзгөчөлүктөрүн аныктоо жагынан маанилүү.

Жакында эле Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңешинин 80-мааракелик жыйынына катышты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тышкы жана ички саясатындагы негизги маселелердин бири экендигин баса белгиледи.

Глобалдуу дүйнөдө айрым процесстер КМШ өлкөлөрдүн биринде бейпилдикти бузууга жөндөмдүү коркунучтарды жана чакырыктарды калыптандырып жаткандыгы белгиленди. Мамлекет башчыларынын деңгээлинде азыркы тобокелдердин коркунучун толук түшүнүү жана улуттук чек араларды, жалпы Шериктештиктин чек араларын коопсуз кылууга умтулуу бар.

Президент билдиргендей, макулдашылган биргелешкен аракеттер болмоюн эл аралык терроризмге, экстремизмге, баңгибизнесине, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө тиешелүү натыйжага жетише албайбыз. Шериктештиктин катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңешинин ишмердиги коллективдүү иштерге зор мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстан Бириккен Улуттук Уюмунун алкагында активдүү кызматташып келет. Күн мурун Кыргызстандын президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттук Уюмунун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жылуу учурашып, ар кандай деңгээлдеги байланыштар Кыргызстандын БУУ менен болгон кызматташтыгынын жогорку деңгээлинин көрсөткүчү экенин белгиледи.

Президент коомчулукту бириктирүү жана этникалар аралык мамилелерди бекемдөө, аймактарды өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүү, 2018-2040-жылдарга карата Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан жумуштар тууралуу айтып берди.

Бул жерде президент Жээнбековдун эл аралык жана регионалдык деңгээлдеги активдүү ишин баса белгилеп кетүү керек. Алсак, Кыргызстандын президенти бир жылдын ичинде мамлекеттик жана расмий визит менен бүтүндөй борбордук-азия аймагын кыдырып келди. Аталган визиттердин алкагында эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы, келечеги, регионалдык кызматташтыктык ар тараптуу өнүгүүсү анын ичинде, соода-экономикалык жана инвестиция жаатындагы маселелер талкууланды.

Жогоруда айтылгандардан байкалып тургандай, саясий туруктуулуктун жана коомдогу бейпилдикке жетүүдө президент Сооронбай Жээнбековдун ролу зор. Бул маанилүү рол баардык күтүүлөрдү актады десек болот жана ушундай атмосфера Кыргызстанды саясий, экономикалык, коомдук-социалдык жана маданий жаатта жаңы, жогорку бийиктиктерге жеткирет деп ишенебиз.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий