• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кабар” МАБ: Кыргыз сомуна 25 жыл: Улуттук валюта кантип киргизилген?

Аналитика 0

Бүгүн кыргыз сомуна 25 жыл болду. 1993-жылы 10-майда таңкы саат төрттө көз карандысыз Кыргызстанда жүргүртүүгө өзүнүн валютасы – сом чыгарылган. 4 күн бою башкача айтканда 14-майга чейин базарда эки валюта катар жүгүртүлгөн: рубль жана сом.

1993-жылдын 14-майында саат 18:00дөн тарта жарандар рублды сомго алмаштырышы керек болгон.

Кыргызстан мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичинен өзүнүн улуттук валютасын алгачкылардан болуп бекиткен. Аны жүгүртүүгө чыгаруу боюнча токтом Кыргызстандын Жогорку Совети тарабынан 1993-жылдын 3-майында кабыл алынган.

Айта кетүүчү жагдай, башында Кыргызстандын өзүнүн улуттук валютасын жүгүртүүгө чыгаруу каалоосуна көпчүлүгү ишенишкен эмес. Дээрлик бардык өлкөлөр анын кулашы жана өлкөдөгү кризиске дуушар боло тургандыгын билдиришкен. Жарандардын өздөрү да сомго бир аз ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

Тарыхчылардын айтымында, Казакстан да өзүнүн улуттук валютасын сом деп атоону пландап жаткан, ошондуктан да Кыргызстан чечкиндүү кадамдарга барган.

Биринчилерден болуп жүргүртүүгө I сериядагы 1,5 жана 20 сомдор чыгарылган, андан тышкары, кагаз тыйын номиналындагы 1, 10 жана 50 тыйындар.

КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, КР көз карандысыздыкты алгандан кийин жана Конституция кабыл алынгандан тарта өлкө өз алдынча экономикалык ишмердүүлүк жүргүзө баштаган.

“Сомду киргизүү өз алдынча акча-насыя саясатын жүргүзүүгө түрткү берди. Маалым болгондой, ар бир өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун көрсөткүчү катары улуттук валюта саналат. Башкача айтканда, анын ишенимдүүлүгү, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баалык туруктуулугу”,-деп билдирди ал.

Абдыгулов билдиргендей, 25 жылдын ичинде кыргыз сому өлкөдөгү экономикалык жана саясий оош-кыйыштарга карабастан өзүнүн туруктуулугун сактап калды.

“Биздин сом башка валюталардай эле туруктуулугу, коопсуздугу жана банкноту менен бирдей турат. Банкноттор эң ишенимдүү жол менен жасалып, үч коопсуздук өлчөмү бар. Биздин валютага улуттук баатыр “Манас”, белгилүү инсандар, эстеликтер жана Кыргызстандын жаратылышы түшүрүлгөн”,-деп кошумчалады ал.

КРУБнын төрагасы билдиргендей, 25 жылдан бери сом төрт ирээт өзгөрүлгөн.

“Учурда биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү сериядагы валюталар колдонулат. 2017-жылы 2 миң сом сериясындагы биринчи банкнот жүргүртүүгө чыгарылган. Ал Кыргызстандын көз карандысыздыгынын, Улуттук банктын түптөлүшүнүн жана кыргыз сомунун 25 жылдыгына карата чыгарылган. Эстелик банкноту региондук мыкты банкнот номинациясында жеңишке жетти”,-деп билдирди Абдыгулов.

Сомдун 25 жылдыгына карата Улуттук банк тарабынан бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалган. Эң ириси 2018-жылдын 11-майында Бишкекте өтө турган Эл аралык жыйын болмокчу.

Улуттук валютанын мааракесине карата КРУБ эки коллекциялык тыйындарды чыгарды: “Тарыхый окуялар” сериясындагы “КР улуттук валютасына 25 жыл” жана “Улуттук музыкалык аспаптар” сериясындагы “Комуз”. Бардыгы болуп 1995-жылдан бери 69 тыйын чыгарылган, алардын төртөө алтын, 50 күмүш жана 15и жезден жасалган.

2017-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сомдун символу – кириллицадагы “с” баса белгиленген тамгасын бекиткен.

Мехриниса Сулайманова

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий