“Кабар” МАБ: Кыргызстан жана дүйнөдөгү интеграциялык долбоорлор

Аналитика 0

Дүйнөлүк экономикалык тутумдун ааламдашуусунун маанилүү бөлүктөрүнүн бири - анын экономикалык интеграциялык бирикмелерди түзүү аркылуу интеграцияга багыт алышы болуп саналат. Албетте, интеграциялык процесстерге катышуу интеграциялык жана дезинтеграциялык тенденциялар сакталган мурдагы советтик өлкөлөрдүн мейкиндигиндеги көз карандысыз мамлекет катары Кыргызстан үчүн дагы маанилүү.

Борбор Азияда коомдук деңгээлде да, элиталык деңгээлде да интеграциянын пайдасы кыйла талаштуу көрүнөт: айрымдар бул аймактагы интеграцияны эрксизден советтик доор менен окшоштурса, башкалар Борбор Азияда ири көйгөйлөрсүз интеграция болушу мүмкүн эмес дешет.

Глобалдык дүйнөнүн жана эл аралык коопсуздук маселесин чечүүнүн маанилүү куралдарынын бири Бириккен Улуттар Уюмунун жамааттык эрки болуп саналат. Уюмдун ролун жогорулатуу, анын ишмердигин XXI кылымдын чындыгына ыңгайлаштыруу максатында Кыргыз Республикасы БУУнун Уставынын негизги принциптеринен тайбай анын тутумун, аны менен бирге Коопсуздук кеңешин реформалоо идеясын колдойт.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясынын алдында Нью-Йоркто жалпы дебаттар өткөн. Анда Кыргызстан көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыктары эске алына турган БУУнун Коопсуздук кеңешин жакшыртуу чараларын кабыл алууну колдоп чыккан. Бул тууралуу конкреттүү түрдө Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев билдирген.

Мамлекет башчы заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга карабастан БУУнун ролунун өсүшү кубандырарын белгиледи. Ошону менен бирге Уюмдун маанилүүлүгүнүн артышы менен анын жоопкерчилиги да өсүүдө.

“Учурда БУУ Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсү дээрлик бардык мамлекеттердин тагдырын чечүүдө. Алардын консенсуска келишинен дүйнөнүн ар башка бурчтарындагы согуш жана тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук маселелери көз каранды. Ал гана эмес, БУУ Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсү ар кандай чечимди токтотуп кое алышат”, - деп билдирди Президент Алмазбек Атамбаев.

Андан соң Башкы ассамблеянын сессиясында КР Президенти бир катар олуттуу темаларды көтөрүп, Кыргызстандын дүйнөдөгү тынчтык үчүн демократиялык жана дипломатиялык механизмдерди колдонуп мындан ары да иштөө ниетин ырастады.

Дүйнөдө жүрүп жаткан ааламдашуу процесстери ар бир, жада калса эң көз карандысыз өлкө дагы кандай өнүккөн болсо да дүйнөлүк коомчулукта жашап кетүү маселесин жалгыздап чече албастыгын түшүнүктүү кылып коюшту. Учурдагы дүйнөлүк тартип экономикалык, саясий, маданий-гуманитардык өз ара аракеттешүүнү камсыздаган интеграциялык процесстер менен негизделип, капиталдык салымдардын инвестициясы, материалдык ресурстарды жыйноо, руханий баалуулуктарды жана идеалдарды өнүктүрүү өңдүү маанилүү факторлор менен шартталат.

Кыргызстандын ШКУ ишмердигине катышуусу улуттук кызыкчылыктарга жооп берет. Себеби эл аралык терроризм, диний экстремизм, мыйзамсыз баңгизатын, курал-жарак айлантуу, мыйзамсыз миграция кооптонууларына жигердүү каршы турууга шарт түзүүдө. Бул жалпы аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодогу зарыл шарттардан болуп саналат.

Аны менен бирге президент А.Атамбаев ШКУ мейкиндигиндеги кырдаалды оңой эмес катары мүнөздөйт. Мунун маңызында ИМИЛ активдешүүсү, ШКУ жарандарынын Сирияга жөнөтүлүшү, экстремизм идеяларынын жайылтылышы, ошондой эле Афганистандагы жагдай менен тынчсыздануу турат.

ШКУнун алкагында экономикалык кызматташуу жаатында артыкчылыктуу багыттар катары Жибек Жолу Экономикалык алкак кытай демилгесинин долбоорлоруна катышуу, ошондой эле ШКунун долбоордук ишмердигин өнүктүрүүнүн каржылык механизмдерин түзүү аныкталган.

Аскердик-саясий, аскердик-техникалык тармактарда жана коопсуздук жаатында Кыргызстан үчүн маанилүү аймактык интеграциялык бирикмелердин бири болуп Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) саналат. Кыргызстан Уюмдун жана мүчө-мамлекеттердин потенциалын бекемдөө, евразиялык архитектуралык коопсуздукка интеграциялоо позициясын кармануу менен ЖККУ менен кызматташуусун өнүктүрүүдө. Аскердик түзүм, маалыматтык жана чек ара коопсуздугу тармактары, өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу чараларын кабыл алуу боюнча ЖККУ алкагында чечимдерди камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Жогоруда айтылгандарга далил катары КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин БУУ Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясында трибунада сүйлөгөн сөзүн келтиребиз:

Тынчтык жана коопсуздук, планетадагы бардык мамлекеттердин туруктуу өнүгүшү маселелерине байланыштуу терроризмге каршы күрөшүү темасына токтолгум келет.

Эл аралык коомчулук терроризмге жана экстремизмге каршы, ошондой эле аларга байланыштуу көрүнүштөр болуп эсептелген маңзаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, адамдарды жана курал-жарактарды сатууга, арам акчаларды адалдоого каршы активдүүрөөк күрөшүүгө тийиш.

Тилекке каршы, бул багытта эл аралык коомчулук тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз бойдон калууда, ал эми көпчүлүк учурда мамлекеттер ортосунда тирешүүлөргө алып келүүдө.

Биргеликте жана биргелешкен аракеттер менен гана терроризм жана экстремизм коркунучуна каршы натыйжалуу күрөшүүгө болот”.

Бул сөздөрү менен Президент Атамбаев Кыргызстан мындан ары да дүйнөдөгү ар түрдүү аскердик жана саясий коркунучтарга каршы турууга активдүү катышарын дагы бир жолу баса белгиледи.

Антон Кубицкий
“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий