• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан жана Россиянын Эриш-аркак жылы – эки өлкө алакасынын жаңы баскычы

Аналитика 0

Жакында Москвада Мамлекеттик Кремль сарайында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземинде КР президенти Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылышы биздин элдердин мындан да жакын болууга умтулуусунун белгиси болуп саналарын айтты.

Президент, Кыргызстан Россия менен болгон жалпы тарыхка сый-урмат менен мамиле кыларын билдирди.

"Эриш-аркак жылы – эки өлкө үчүн маанилүү окуя. Мурда Совет мезгилинде мындай иш-чаралар өткөрүлүп турчу. Бирок, эгемендик алгандан тарта мындай иш-чара мурдагы советтик өлкөлөр арасында биринчи жолу өтүүдө. Бул жыл Кыргызстандын өнүгүүсү жагынан динамикалуу болот. Муну баса белгилеп кетким келет. Баарыбыз билгендей, былтыр Кыргызстанда ШКУ саммити болуп, ал жогорку деңгээлде өткөн. Ал өлкөнүн өнүгүшүнө чоң түрткү берди. Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылы Шериктеш (КМШ) өлкөлөр үчүн жакшы үлгү болот алат. Мындай иш-чаралар кызыкчылыктардын бир экенин дагы бир ирет эске салат. Кыргызстандын Россия үчүн дайыма стратегиялык мааниси болуп келген: географиялык абалы, экономикалык жана инвестициялык потенциалы, өнөр жай мүмкүнчүлүктөрү. Белгилүү болгондой, иш-чаралардын негизги бөлүгү соода жана экономикалык алаканын потенциалын арттырууга багытталат. Арийне, Эриш-аркак жылынын программасында бир катар маданий-гуманитардык иш-чаралар каралган", - дейт Стратегиялык изилдөөлөр борборунун (Москва шаары) аналитиги Павел Дементьев.

Иш-чарада КР президенти кыргыз эли мындан бир жарым кылым мурда эле өнүгүүнүн мүмкүн болгон жолдорунун ичинен Россия эли менен бирге тагдырлаш болууну тандап алганын айтты.

"Тарых көрсөткөндөй, бул туура кадам болгон. Биз бүгүн мындай чечимди кабыл алган ата-бабаларыбыздын кыраакылыгына жана көрөгөчтүгүнө таазим кылабыз. Кыргызстандын Советтер Союзунун курамында болгон жетимиш жыл ичиндеги мезгилде билим берүү, илим, маданият жана өнөр жай тармактары болуп көрбөгөндөй өнүккөнү талашсыз факт. Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет болгонуна дээрлик отуз жыл толду. Бирок эки элдин маданий, руханий, боордоштук мамилелери ажырагыс бойдон калды. Постсоветтик тарыхтан кийин ар кандай оош-кыйыштар болгонуна карабастан, биз Россия менен бир тууган, достук мамиледеги өлкө боюнча калдык. Эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз карым-катнаштар мамлекеттер аралык гана мамилелерде болбостон, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы жакындык, достук жана боордоштук мамилелери абдан кубандырат. Биз кылымдардан бери келаткан жалпы маданий-руханий баалуулуктарыбызды биргеликте сактай алдык", - деди Жээнбеков.

Ал билдиргендей, кылымдардан бери келе жаткан жалпы маданий-руханий баалуулуктарыбыз биргеликте сакталып калды. Маселен, коомдун кызуу талкуусуна түшкөн тил маселеси.

"Кыргызстанда орус тили – расмий тил гана эмес, улуттар ортосундагы баарлашуунун тили. Бул нерсе эки элди мындан да жакындатат", - деди ал.

Эриш-аркак жылынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдык мааракесинин өткөрүлүшү да маанилүү темалардын бири болот.

"Адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу согуш тууралуу чындыкты кылдат сактап, урпактарга өткөрүп берүү — биздин ыйык милдетибиз. Биз ата-бабаларыбыздын эрдиги менен каармандыгын унутпайбыз. Советтик жоокердин улуу эрдиги эч качан унутулбайт", - деди Жээнбеков.

Жээнбеков согуш жөнүндөгү чындыкты сактап калууда Россиянын ролу зор экенин билдирип, Кыргызстан Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын бурмалоого жол бербөөгө багытталган Россиянын президенти Владимир Путиндин аракетин толугу менен колдой тургандыгын айтты.

"Президент Жээнбеков сөздөрдү туура колдонду. Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылы – азыркыдан да тыгыз байланышты түзүүгө, мамлекеттер аралык алаканын ролун арттыруу жана аларды жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк. Быйыл биз Жеңиштин 75 жылдык мааракесин белгилейбиз. Кыргызстан ал жеңиш үчүн чоң салым кошкон. Мындай иш-чаранын бул жылы өтүшү символикалуу болду. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жылуу, ишенимдүү алака түзүлдү. Эриш-аркак жылынын алкагында бир катар иш-чаралар каралып, анын ичинде саясий байланыштар, экономикалык бизнес-форумдар бар. Бул жылы Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын ортосунда жолугушуулар болот. Бул жагынан алганда эки өлкөнүн потенциалы чоң. Ал кызматташтык жылдарында толук түрдө ачылган жок. Мындай кызматташууну көңүл сыртында калтырууга болбойт", - дейт саясий серепчи Евгений Донченко.

Иш-чарада Жээнбеков Кыргызстан менен Россия өз элдеринин эркин билдирүү аркылуу бирдиктүү көз караш менен КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу интеграциялык жана аскердик-саясий бирикмелердин курамына кошуларын айтып өттү.

"Бул жылы Кыргызстан менен Россияда жарыяланган Эриш-аркак жылы эки өлкө үчүн гана эмес, ЕАЭБ өңдүү бирикме үчүн да маанилүү окуя. Мындай окуя КМШ тарыхында алгачкы ирет болуп жатат. Бул жылы Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстан менен Россиянын ортосунда ар кандай аянтчаларда ар кыл бизнес жолугушуулар болуп өтөт. Эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы жолугушуу да маанилүү аспекттерден болот. Алар экономикалык алаканын – анын ичинде ЕАЭБ алкагында – артышына түрткү берет деген ишенич бар", - дейт Стратегиялык макро жана микроэкономикалык байкоолор борборунун экономисти (Новосибирск шаары) Виктор Пшеничников.

Ал, алдыда Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы иши натыйжалуу болот деп ойлойт.

"Башкысы, адаптациялык мезгил өттү, эми экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө таасир эте турган олуттуу өзгөрүүлөрдү күтүш керек. Айтылып жаткан сунуштарда да калет жок. Эгер ЕАЭБ динамикалуу түрдө өнүгүүнү кааласа – айрыкча жакынкы араларда – бирикменин ичиндеги механизмдердин натыйжалуу иштешине көңүл бурушу керек. Ыраатка келтирилген иш болбосо бирикменин натыйжалуу болушу тууралуу сөз кылуу кыйынга турат", - деди Пшеничников.

Ачылыш аземинде КР президенти, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы кызматташууну арбытуу Кыргызстандын маанилүү артыкчылыгы болуп саналарын айтып өттү.

Россиядагы мекендештерге кайрылган мамлекет башчы Россиянын жана ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилери менен бирге алардын турмуш шарттарын жакшыртуу иштери улана тургандыгын билдирди.

Ал, Кыргызстан эки элдин достугун бекемдей турганын жана эки өлкө алакасын өнүктүрө берерин айтты.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий