• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Кабар" МАБ: Кыргызстанда ишкерликти жана дыйкан чарбаларын колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар

Аналитика 0

Кыргызстанда өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Түркүн чектөөлөр орноду: адамдардын максатсыз көчөдө жүрүүсүнө жана тейлөө кызматтарына чектөөлөр коюлду. Бул аралыкта экономиканын көптөгөн тармактары катуу сыноолорду башынан өткөрүп жатат. Алардын ичинде ишкерлер жана дыйкандар да азабын тартууда. Өлкө башчы жана өкмөт коронавирустун терс таасирлерин алдын алуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоодо.

Күн мурун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, ишкерликти колдоонун кошумча чараларынын пакетин иштеп чыгууну тапшырды.

"Учурдагы абалды эске алганда экономиканын негизги тармагын жана бюджеттин ордун толтуруп жаткан ишкер менен дыйкандарды колдоо алда канча маанилүү. Оор кырдаалда президент жана өкмөттүн күжүрмөн эмгектенип жатканын көрүүгө болот. Менимче, бийликтин эмгекчилдигинен улам өлкө оор кырдаалдан чыгып кетет", - дейт "Дүйнөлүк экономикалык желе" аналитикалык борборунун дүйнөлүк экономика тармагындагы адиси (Новосибирск шаары) Евгений Хорлачёв.

Белгилей кетсек, буга чейин кабыл алынган өкмөттүн биринчи кезектеги планы өзгөчө абал режими маалында бизнести сактап калуу жана ишканалардын банкрот болушуна жол бербөөгө багытталган финансы жана салыктык мүнөздөгү кечиктирилгис чаралардын тизмесин камтыйт. Ошондой эле калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү боюнча иш-аракеттер киргизилген. Бүгүнкү күнү өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, донордук уюмдар жана ыктыярчылар менен биргеликте масштабдуу иштерди аткарууда.

"Кабыл алынган чечимдердин көпчүлүк бөлүгү бизнеске салыктык милдеттемелери, отчет берүү жана насыяларды төлөө боюнча өздөрүнүн пландарын жакынкы аралыкта өзгөртүүгө мүмкүндүк берди. Тилекке каршы, бардык жоготууларды жабуу үчүн өлкөбүз ири ресурстарга ээ эместигин баарыбыз түшүнүп турабыз. Бирок биз бардык күч-аракеттерди жумшоого тийишпиз. Ушул жана кийинки жума инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүүдө эң маанилүү. Буга байланыштуу жарандарыбыздан сабырдуу жана жоопкерчиликтүү болууну өтүнөм", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну менен бирге премьер-министр баса белгилегендей, экономикалык активдүүлүктү жандандыруу үчүн бизнести кошумча колдоо жана экономиканы узак мөөнөттүү жана арзан насыялык ресурстар менен камсыздоо зарыл.

"Биз мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик компаниялардын чыгымдарын олуттуу кыскартууларга барышыбыз керек. Биздин башкы милдетибиз - жарандардын алдындагы бардык социалдык милдеттенмелерди толук көлөмдө жана өз убагында аткаруу жана бизнести колдоо", - дейт өкмөт башчы.

Аны менен бирге, президент өлкөгө финансылык жардам тартуу үчүн эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

"Белгилүү болгондой, Кыргызстандын ички резервдери жана ресурстары анчалык деле жетиштүү эмес. Туруктуу киреше алып келген айыл чарба тармагын гана айта алам. Бирок, дүйнөлүк экономика оор сыноодон өтүп жатканда бул жетишсиз болууда. Кыргызстандын бийлиги кылып жаткан жумуштарын белгилеп кетким келет. Ар бири өлкөнүн оор абалдан чыгуусуна чоң жумуштарды кылып жатат. Алсак, президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Өлкөнүн ички механизмдерин финансылык жактан колдоонун кошумча булактарын табуу маанилүү", - дейт Евгений Хорлачёв.

Эскерте кетсек, бир нече күн мурун Сооронбай Жээнбеков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти Алан Пиллу менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Эки тараптуу кызматташуунун жакынкы келечекке багыттары, анын ичинде коронавирус инфекциясына каршы биргелешип күрөшүү чаралары талкууланды. Өлкө башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө коомчулугунун эң актуалдуу маселеси коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө жана экономикалык кесепеттерине каршы күрөшүүдө биргелешип аракеттенүү экендигин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков учурдагы түзүлгөн кырдаал биздин гана өлкөнүн эмес, башка негизги соода-өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын бардык тармактарына жана ишкердик активдүүлүккө терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады. ЕРӨБдүн вице-президенти Алан Пиллу коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө кыргыз тарапка тилектештигин билдирди. Банк чакан жана орто бизнести кайра каржылоо үчүн банк секторуна өз милдеттерин аткаруу жөндөмдүүлүгүн берүү мүмкүнчүлүгү каралып жаткандыгын маалымдады.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Бандар М.Х.Хаджар менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ислам өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуунун бүгүнкү абалы жана келечеги, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланды. Сооронбай Жээнбеков аталган илдеттин жайылышынын социалдык-экономикалык залакаларын жумшартуу үчүн Кыргызстанга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну сунуш кылды. Бандар M. Х. Хаджар коронавирус инфекциясы дүйнө өлкөлөрүнүн эли менен экономикасына олуттуу чакырык болуп жаткандыгын баса белгиледи. Ал ИӨБ Кыргызстанга тиешелүү колдоо көрсөтүү маселесин карай тургандыгына ишендирди.

"Бул сыяктуу чаралар экономикалык көрсөткүчтү турукташтырууга керектүү шайкештикти түзө алат. Ишенимдүү түрдө экономикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү өлкөлөргө колдоо көрсөтүүдө мындай беделдүү финансылык институттарда гандикап системасы иштейт деп айта алам", - деп маалымдады адис.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бүгүнкү күнү өкмөт ишканаларды экономикалык жана финансылык колдоонун системалуу чараларын түзүүнүн, финансы системасын жакшыртуунун жана чакан жана орто бизнести колдоонун үстүндө иштеп жатат. Каралып жаткан бардык демилгелер азыркы кырдаалдын экономиканын секторлорунун өнүгүүсүнө тийгизген таасирин талдоого, ошондой эле бизнес чөйрөсүнүн сунуштарына негизделген. Өкмөт тараптан кыска жана орто мөөнөткө ишкерликти колдоо боюнча чаралардын пакетин бекитүү пландалууда. Бүгүнкү күнү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган чаралардын экинчи пакетин иштеп чыгуудабыз.

"Бизнес тараптан сунушталган бир дагы демилге көңүл буруусуз калбашы керек. Экономиканы колдоо боюнча чаралардын планына киргизилген бардык сунуштарды тыкыр талдап чыгуу кажет. Бүгүн ата мекендик экономиканы кайра ишке киргизүү жана бизнести колдоо өзгөчө мааниге ээ. Өкмөт жана мамлекеттик органдар жарандар менен ишкерлер үчүн ачык иштөөгө тийиш. Бул биздин жалпы милдетибиз. Биз жарандардын жана ишкерлердин проблемаларын талкуулоодо бекинип албай, ар бир маселени жекече тартипте, ыкчам чечим берүүгө жетишибиз керек. Бул айрыкча фискалдык органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча премьер-министр сунушталган чаралардын натыйжалуулугуна жана экономикалык активдүүлүгүнүн калыбына келүү сапатына, алардын бюджеттин ресурстук бөлүгүн аткарууга тийгизген таасирине талдоолорду жүргүзүп чыгууну тапшырды. Баарынан мурда учурда ыкчам иштөө маанилүү. Абдан жакынкы аралыкта бардык сунушталган чараларды толуктап иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын экономикасын колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакетин бекитүү керек.

"Бардык өлкөлөрдүн экономикалары кулап жатканда ыкчам чара көрүү кыйла маанилүү. Чечимдердин ылдамдыгы Кыргызстандын экономикасынын мындан ары өнүгүшүнө көз каранды болот. Бирок, өлкөдөгү кырдаалга көз чаптырсак бийлик бир гана абалды көзөмөлдөп турбастан күтүлбөгөн кырдаалга натыйжалуу жооп бере аларына ишендирди", - деп кошумчалады Хорлачёв.

Сөздүн аягында айта кетчү нерсе, дыйкандарга жазгы талаа иштерине ар тараптуу жардам берилүүдө. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары бул тармакка өзгөчө көңүл буруусу керек.

Пандемиянын күчөп жаткан учурунда Кыргызстанда жашоо токтоп калган жок. Коронавирус жол тосуп жатканда өлкө башчы жана өкмөт өлкөнүн өнүгүшү үчүн иштерди тынымсыз жүргүзүүдө.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий