"Кабар" МАБ. Кыргызстандын гидроэнергетикасынын потенциалы жана аны өнүктүрүү

Аналитика 0

Жакында Бишкекте "Гидроэнергетика. Борбор Азия жана Каспий 2020" IV эл аралык конгресс жана көргөзмөсү болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Иран, Армения, Грузия жана Россиянын өкүлдөрү катышып, анда ГЭСтерди куруу, модернизациялоо жана эксплуатациялоо маселелери каралды.

Белгилүү болгондой Кыргызстанда көптөгөн дарыялар бар болуп, алар энергетика тармагынын кубаттуулугун арттыруу үчүн мүмкүнчүлүгү чоң. Мындайча айтканда, Кыргызстан ири көлөмдө электр энергиясын чыгаруу үчүн чоң гидроэнергетикалык потенциалга ээ. Бул багытта ГЭСтердин куруу боюнча чоң, орто жана кичи долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторду табуу иштери жүрүүдө.

Иш-чарада Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов билдиргендей, азыркы тапта Кыргызстанда ишке ашыруу үчүн даяр кымбат эмес бир нече долбоорлор бар жана алар өзүн кыска мөөнөттө актай алат. Анын айтымында, Папан ГЭСи, Киров ГЭСи жана Кара-Көл ГЭСи перспективалуу долбоорлор болуп саналат.

"Киров ГЭСин куруу 23 млн долларды түзөт. Анын потенциалы – 91,4 млн кВт/саат. Папан ГЭСи долбоорунун баасы 28 млн доллар, андан 106 млн кВт/саат электр энергиясы иштелип чыгат. Кара-Көл ГЭСи – 20 млн доллар, иштелип чыга турган электр энергиясы – 106 млн кВт/саат. Алардын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан, инфраструктурасы жана башка шарттары бар", - деди ал.

Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлорго Ирандын өкүлү, Water& Power Resoursec Development Co. компаниясынын чет элдик долбоорлор кеңсесинин директору Шахрам Жалали кызыкдарлыгын билдирди. Маселен, ал Жогорку Нарын ГЭС каскадына кызыкдарлыгын айтып, россиялык РусГидро компаниясы менен келишим түзүлгөндө эле, алардын компаниясы, Жогорку Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун ишке ашырууга катышууга даяр болгонун, бирок Иран тарапка таанышуу үчүн долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси берилбегенин белгиледи.

"Биз бул долбоорго инвестиция салууга даяр болчубуз. Чыгымдар канча болору жана мүмкүнчүлүктөрдү баалоо үчүн бизге маалымат керек болчу. Кыргызстандын бийлигинен техникалык-экономикалык негиздемени сураганда, ал жашыруун маалымат экенин айтып аны көрсөтүүдөн баш тартышты". - деди ал.

Ал, АКШнын санкицялары компаниянын ишине таасир этпейби жана РусГидро компаниясы менен байланышкан кырдаал боюнча ою кандай деген суроого, компания Ирандын өкмөтүнө кичине бөлүгү таандык экенин жана АКШнын Иранга киргизген санкциялары алардын компаниясына таасир этпесин билдирди.

"Биз чет жерде да иштей алабыз. Бизге санкциялардын таасири болбойт. Бизде келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча олуттуу пландар бар. Бирок ал объекттер жайгашкан өлкөнүн өкмөтүнө көз каранды болот. Биз жетиштүү маалымат алып, көйгөйлүү маселелер чечилсе, балким биз ал долбоорлорду каржылайбыз", - деп, Жалили ирандык компания РусГидро компаниясы менен болгон маселени чечүүгө катыша аларын билдирди.

Маалымат үчүн: РусГидро менен келишим 2012-жылы түзүлгөн. Россиялык компания 2013-жылы ишке киришкен. Кийинчерээк, 2016-жылы январь айында Кыргызстан РусГидро менен келишимди жокко чыгарган.

Ошондой эле иш-чарада "Улуттук энергетикалык холдинг" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров сөз сүйлөп, ал Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун курулушу башталып калышы мүмкүн экенин айтты. Анын айтымында, Кыргызстандагы ишке ашырылууга даяр долбоорлордун катарында Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору бар жана ал келечектүү энергетикалык долбоор болуп эсептелет. Аны жүзөгө ашыруу үчүн инвестор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Биз бир нече инвестор жана каржы уюмдары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Жакын арада бул долбоордун башталышы тууралуу билдиребиз деп ойлойм. Бул долбоорго улуттук макамын берүүнү көздөп жатабыз. Бул тууралуу расмий билдирүүнү өкмөт жасайт", - деди ал.

Бул долбоорго Өзбекстан катышабы дене суроого, Назаров Өзбекстан менен биргелешип ГЭС куруу боюнча меморандум бар экенин айтты.

"Өзбек тарап менен сүйлөшүү болот. Андан тышкары казак тарап менен да сүйлөшүү жүргүзүүнү карап жатабыз. Эгер алар макул болсо долбоорду биргелешип ишке ашырабыз", - деди ал.

Ал белгилегендей, долбоорду өз күч менен баштоо пландалып жатат. Тиешелүү инфраструктура түзүлгөндөн кийин долбоорго өнөктөштөр кошулат.

"Самрук-Энерго" акционердик коомунун (Казакстан) долбоордук кеңсесинин жетекчиси Ернур Жиенбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Казакстандын ири энергетикалык холдингине Кыргызстандан Камбар-Ата-1 долбоорун ишке ашырууга катышуу боюнча сунуш түшпөгөнүн айтты.

"Менин билишимче, бул долбоорго катышуу боюнча бизге сунуш түшкөн жок. Камбар-Ата-1 долбоору ири долбоор, стратегиялык мааниси бар. Мындай маселелер ар тараптуу жогорку деңгээлде каралышы керек" - деди ал.

Ал белгилегендей, долбоордо каралган учурдагы шарттар боюнча анын ишке ашырылышы арсар. Себеби инвесторлор учурдагы электр энергиясына болгон тарифтерде салынган каражаттардын кайтарымына кепилдик жок болгондуктан ал долбоорго каражатын жумшабайт.

"Бүгүнкү күнү бул долбоорду ишке ашырууга өбөлгө боло турган механизмдерди көрбөй турам. Азыр ар бир инвестор, бизнесмен сарамжал болуп, ага киреше алып келе турган, каражаттарынын кайтып келишине кепилдик кыла турган долбоорлорду издейт. Каражаттардын кайтарымы камсыздала турган болсо Казакстан менен Өзбекстан гана эмес, башка өлкөлөр да бул долбоорду жүзөгө ашырууга кызыкдар болот. Себеби, Камбар-Ата-1 чынында эле келечектүү долбоор. Кагаз бетинде ал жагымдуу болушу мүмкүн. Бирок дагы бир кайталайын, жумшалган каражаттын кайтарымы кандай болорун кароо керек", - деди ал.

Анын айтымында, бул жерде негизги маселе рынок каражаттардын кайтарылышына кепилдик бере албаганында болууда – CASA-1000 долбоору ишке ашырылса да. Себеби, тарифтер жана өндүрүлгөн электр энергия кайсы рынокко кетери белгиленген эмес.

"Иш жүзүндө тарифтер – жумшалган каражаттардын кайтарылышынын кепили. Бул чоң долбоор жана бир топ кымбат турат. Баарынын эле ага чама-чаркы жете бербейт. Бүгүнкү күнү Самрук-Энерго ага кирише алат деп айта албайм. Башка компаниялар менен биргеликте катышышы мүмкүн. Бирок, азыркы тапта бул долбоор өтө кымбат. Самрук-Энерго мамлекеттик компания болгондуктан ал Казакстандагы энергия булактарын өнүктүрүүгө кызыкдар", - деди Жиенбаев.

Маалымат үчүн: Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын болжолдуу баасы 700 млн долларды түзөт. Анын кубаттуулугу 238 мегаватты түзүшү мүмкүн. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу 2 млрд доллардан ашык каражатты талап кылат. Анын кубаттуулугу болжол менен 2 миң мегаватты түзөт. Жылына 5 млрд кВт/саат электр энергиясын чыгара алат. Ал Токтогул ГЭСине караганда 1 млрд кВт/саатка көп.

Кыргызстандын энергетика тармагынын адистери белгилегендей, электр энергиясын чыгарган ишканалардын негизги көйгөйлөрүнүн бири эскирген жабдыктар болууда. "Чакан ГЭС" ААКсынын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаевдин айтымында, чакан ГЭСтердин айрым гидроагрегаттарына 100 жылдан ашкан.

"Биздин ГЭСтер 1928-1957-жылдар аралыгында ишке берилген. Ошол эле учурда айрым гидроагрегаттарга 104 жыл болду. Алар Улуу Ата Мекендиксогуш жылдарында Кыргызстанга Европадан алынып келип, орнотулган", - деди ал.

Ал билдиргендей, жабдыктар эскирип, аларды кароого жумшалган чыгымдар жыл сайын көбөйүүдө. Анын айтымында, компания эски агрегаттарды жаңыларга алмаштырууну көздөп жатат – аны менен өндүрүмдүүлүк 25%га өсөт.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий