• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Кабар" МАБ: Мамлекет тарабынан айыл чарба тармагын колдоо улантылат

Аналитика 0

Өлкө экономикасынын маанилүү багыттарынын бири болгон айыл чарба тармагына көңүл бурулуп, ал тармак өркүндөп-өссө, өз кезегинде ал аймактардын өнүгүүсүнө таасирин этет. Өлкөнүн айыл чарба тармагы боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар. Бул тармакка бир гана колдоо керек.

Жазгы талаа иштери жакындап калды. Быйылкы жылдын негизги максаттардын бири эгиндин түшүмдүүлүгүн жогорку көрсөткүчкө жеткирүү. Аны үчүн эмне кылуу керек? Биринчиден сапаттуу үрөндөрдүн болушу шарт. Кыргызстан акыркы эки жылда жогорку түшүмдүүлүгү менен мактана алат. Ал туруктуу мүнөзгө ээ болушу үчүн үрөн чарбасын жандандыруу керек.

Теманы утурлай, айта кетчү жагдай, Кыргызстанда 31 миң гектар жерди ээлеген 109 үрөн чарбасы бар. Бул тууралуу Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экспертизасы департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, аталган жерлер 2000-жылдары азайып кеткен.

"2000-жылдары 59 миң гектардан ашык жерди үрөн чарбалары түзчү. Бүгүнкү күндө 31 миң гектар гана калды. Калган жерлерге жаңы айыл өкмөтү жана алардын депутаттары ээлик кылып алды. Азыр 109 үрөн чарбасынын 31 миң гектар жеринин 3 миң гектарына гана суу барат. Калганы кургак жерлер. Бул чарбалар дыйкандардын үрөнгө болгон муктаждыгынын 14%ын гана канааттандыра алат", - дейт Айдаралиев.

Аталган көйгөй азырынча чечиле элек. Бийлик буга көңүл бурушу керек. Кыргызстан агрардык өлкө катары жердин тартыштыгына туш болушуна жол бербеш керек. Бирок, бул жалгыз гана көйгөй эмес. Анткени, учурда үрөн чарбаларын каржылоо иштери аз болгонун айта кетсек болот.

Үрөн чарбаларынын биринин башчысы Валерий Барков: "Мамлекет бизге көңүл бурса жакшы болмок. Анткени, бир топ көйгөйлөр бар. Лабораториялар эскирди, материалдык-техникалык базалар дагы модернизациялоого муктаж. Бул тармакты заман талабына туура келтирүү керек. Айтайын дегеним Кыргызстан санариптештирүү менен алек, бул иштер бизди кыйгап өтпөсө дейм. Үрөн чарбасы эгиндердин жогорку түшүмдүүлүгүн шарттайт эмеспи", - дейт.

Жакында эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоорун жүзөгө ашыруу тууралуу өкмөттүн токтомуна кол коюп жатып, «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору айыл чарбасын жана жалпы эле реалдуу экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү инструменти болуп саналарын билдирди.

«Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоору боюнча жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгүн жылда 10 миңден ашык жараныбыз пайдаланат. Ал айыл чарбасынын негизин түзгөн асыл тукум жана үрөн чарбаларын жакшыртууга багытталган. Калк мындай жардамга муктаж», - деди ал.

«Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорун жүзөгө ашырууга 1 млрд 250 млн сом каралган. Бул чакан жана ири айыл чарба өндүрүүчүлөр, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайын каржылоого жумшалат.

Карыз алгандар үчүн акыркы пайыздык чен төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

  • - чакан айыл чаба өндүрүүчүлөр үчүн, анын ичинде жеке жактарга - «ФСХ-Фермер» категориясы боюнча 10 пайыз;
  • - ири айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн – 8 пайыз;
  • - тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканалары үчүн – жылына 6 пайыз.

«Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоору кошумча нарк чынжырчасын жана айыл чарба класстерин киргизүү ыкмасын колдонгондорду жеңилдетилген шартта каржылоого багытталган. Долбоордун жалпы суммасы быйыл 6 млрд сомдон ашат. Бул учурдагы чарбаларды гана ирилештирбестен, экспорттук потенциалды арттырып, азык-түлүк коопсуздугун сактайт», - деди Абылгазиев.

Белгилей кетсек, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында КР өкмөтү тарабынан 2013-жылдан бери «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору ишке ашырылып келе жатат.

Премьер-министр буга чейин насыянын ушул линиясы боюнча берилгендерге анализ жүргүзүүнү жана өлкөнүн айыл чарбасынын өнүгүшү үчүн кандай натыйжа бергенин аныктоо тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков өлкө экономикасынын негизги тармактарынын бир болгон айыл чарбаны өнүктүрүү керектигин айткан.

«Жер-жерлерде айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл, ар дайым турмуштун күрөө тамырын кол менен кармап, аймактарга тез-тез каттоо керек. Негизги максат айыл чарба продукцияларынын экспортунун көлөмүн арттыруу керек. Айыл чарба тармагына республикалык бюджеттен, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан жана башка каржы институттары тарабынан жетиштүү каражаттар бөлүнүүдө, ошондуктан аларды натыйжалуу пайдалануунун үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү зарыл», - деген ал.

Мамлекет башчы айыл чарбасын өнүктүрүүнүн мыйзамдык базасын жакшыртып, кошумча инвестицияларды тартуу жана илимий методдорду пайдалануунун маанилүү экенин айткан.

«Аймактарда айыл чарба продукцияларын сатуудагы кырдаал мага жакшы тааныш. Алдын ала пландаштыруу боюнча иштерди күчөтүү зарыл, так эмес божомолдор кандай кырдаалга алып келерин көрдүк. Министрлик дыйкандарда жаралган кырдаал боюнча стереотиптерди жоюусу, алар өздөрүнүн продукцияларын сатуу учурунда зыян тартпагандай болушу керек», - деген ал.

Жээнбеков өлкөдөгү ата-мекендик айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүү жана алыскы чет өлкөлөргө, анын ичинде ЕАЭБ жана ВСП+ макамынын алкагындагы экспорттук потенциалды колдонуу боюнча иштерди күчөтүүнү сунуштаган. Эт-сүт продукцияларын, мөмө жана жашылча жемиштерди, жүн жана башка айыл чарба продукцияларын Кытайга экспорттоону көбөйтүү боюнча кайра иштетүүчү ишканалар менен иштерди жүргүзүүнү айтылган. Мамлекет башчы аймактарды сугат суусу менен өз убагында камсыз кылуунун зарылдыгын жана ирригациялык инфраструктураны куруу боюнча иштерди активдештирүү керектигин билдирген. Ошондой эле айыл чарбасында «акылдуу чечимдерди» жана процесстерди санариптештирүүнү киргизүүгө, министрликтин тутумун оптималдаштырып, аны ийкемдүү жана азыркы талаптарга жооп бере тургандай кылуу зарылдыгын айткан.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий