• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Кабар" МАБ: Нооруз - байыркы жаз майрамы

Аналитика 0

Нооруз – жазгы күн-түндүн теңелүү майрамы жана Кыргызстан, Казакстан, Орто жана Кичи Азия, Ирандын перс жана түрк тилдүү элдеринин, татарлар менен башкырлардын жаңы айыл чарба мезгилинин башталышы. Ал жазгы күн менен түн теңелген 21-мартта белгиленет.

2009-жылы сентябрда бул майрам ЮНЕСКОнуну адамзатынын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилген. Ал эми 2010-жылдын февралынын аягында БУУ Башкы Ассамблеясынын 64-сессиясы 21-мартты “Эл аралык Нооруз күнү” катары жарыялаган.

Тарыхчы Александр Заболотний айтып бергендей, “Нооруз Жердеги эң байыркы майрамдардын бири. Ал зороастриялык мезгилге чейин белгилүү болгон, аны биздин доорго чейинки VII кылымда эле белгилеп келишкен”.

Байыркы грек тарыхчысы Страбон бул майрам тууралуу мындай деп жазган: “Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыясынын ортосундагы байыркы, байыркы замандарда жана бүгүнкү кезге чейин жашоочулар бул күнү От сарайында чогулушат. Бул соодагерлер дүкөндөрүн жапкан, кол өнөрчүлөр ишин токтоткон эң сыйлуу майрам, баары майрамдашып, бири-бирин отто даярдалган даамдуу тамак-аш менен сыйлашат”.

Майрамдын келип чыгыш тарыхы байыркы ирандарга барып такалып, Күн жана легендарлуу пайгамбар Заратустра менен байланыштуу.

“Уламышта айтылгандай, бул күнү көптөгөн легендарлуу окуялар болгон: Заратустра адамдарга бакыт алып келүү үчүн кудай катары шайланган”, Тахмурас мифтик падышасы “зынданга жырткыч жана таш боор адамдарды салган”, ал эми “Гоштосп, Каетун ханышасы жана Джомосп Маздаясна ишениммин кабыл алышкан”.

Заболотний билдиргендей, “Ноорузду белгилөө Орто Азия жана Иран элдеринде жети миң мурда, ислам пайда болгонго чейин чыккан. Ага ылайык, жыл 20 же 21-мартта башталган. Жазгы талаа иштери башталып, дыйкандардын түйшүгү менен үмүтү башталат”.

Белгилей кетсек, Нооруз мусулмандардын Жаңы жылынан ушунсу менен айырмаланат. Анткени мусулман жылнаамасынын негизинде жылдык ай цикли турат. Күн жылнаамасы боюнча бир жылда 365 (366) күн, ал эми ай боюнча 354 (355) күн бар.

“Байыркы түрк уламыштары боюнча, бул күнү түрк эли курчоодон куткарылган. Башкача айтканда, түрктөр бул күнү Эргенекон тоолуу аймагынан чыгышкан. Ошондуктан Нооруз түрктөр тарабынан Жаңы жылдын башталышы катары кабыл алынып, азыркыга чейин белгиленет”, - деп белгилейт тарыхчы.

Бул майрамдын тамыры Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия жашоочуларына да байланышкан. Ал араб басып алуусуна дуушар болуп, исламды тутунган элдиердин маданиятынын бир бөлүгүнө айланган. Мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен кыргыздар, казактар, татарлар, башкырлар, тажиктер, өзбектер жана башка көптөгөн элдер улуттук катары белгилешет.

Бир катар өлкөлөрдө Нооруз мамлекеттик майрам катары жарыяланып, 21-март эс алуу күнү болуп саналат.

Байыркы замандан бери бул мезгилдин адам турмушундагы мааниси сыйкыр, табийгаттын күчү, түшүмдүүлүк, өлүү жана кайра тирилүүчү жаратылыш ишеними менен байланышкан көптөгөн каада-салттарды жараткан.

Майрам өзү тымызын башталат, адамдар жаңы кийим кийишип, үй-бүлө жаңы идиш-аяк коюлган дасторконго чогулат.

Палоо демделет. Анткени Борбор Азиядагы бир дагы майрам бул даамсыз өтпөйт эмеспи. Бирок дасторкондун көркү гуджа (айрым элдерде халим же халис) жана сүмөлөк болушат. Бул даамдарды жасоо абдан көп убакытты жана эмгекти талап кылат.

Кулинар Айнура Жапарова айтып бергендей, “сүмөлөк даярдоо үчүн чоң казандын жанына чоң үй-бүлө чогулуп, шаарларда коңшулар келип, казандагы даам күйүп кетпеши үчүн кезектешип аралаштырышат. Түнү менен баарлашып, ырдап, бийлеп казандын жанында болушат. Эртең менен сүмөлөктү даярдашкан жана өз салымын кошкон адамдарга таратып беришет. Өз кезегинде булар туугандар, тааныштар”.

“Муздаган соң сүмөлөктү дасторконго коюшат. Ошону менен бирге сүмөлөк даярдалган соң, анын бетинде түшүп калган сүрөт аркылуу жаңы жыл кандай болорун аныкташат. Ал эми сүмөлөк адамдарга күч-кубат берет”, - дейт Жапарова.

Чүй облусунун тургуну Азамат Мырзакасымов билдиргендей, “бул майрамдык жөрөлгөлөр таттуулар, дасторконго чогулуу менен эле бүтпөйт. Көчөлөргө ырчылар чыгышып, шаңдуу ыр-бий жаңырат. Түн жарымына чейин күлкү жана тамаша уланат. Эртең менен майрам үй-бүлөлүк чөйрөдө белгиленет”.

“Байыркы кездери Ноорузду 13 күн белгилешкен. Салтанаттын соңунда адамдар талаага чыгышып, Ноорузду тосушкан. Ушундай ишеним бар болгон. Бул күнү талаага чыккандарды жыл бою бакыт жана ийгилик коштоп жүрөт деп эсептешкен”, - деди тарыхчы Александр Заболотний.

Тарыхчы “бул салт Ноорузду 13 күн белгилешкен Иранда сакталганын” белгиледи. “Мында 5 күн майрамды тосууга жана туугандарына, досторуна барууга арналган. Тогузунчу күнү шах Нооруз катары белгилүү, ал эми 13-күн “Үйдөн тышкары он үчүнчү”.

“Адамдар өз туугандары менен 13-күндү жаратылышта өткөрүшөт. Жаңы жылдын келиши менен майрам аяктайт”, - -деди тарыхчы.

“Кабар” МАБ бардыгыңыздарды жазгы жаркын майрамыңыздар менен куттуктап, тынчтык жана жакшылык каалайт!

Антон Кубицкий
Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий