• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Кабар" МАБ: Өзгөчө кырдаал режиминин узартылышы учурдагы талап

Коом 0

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Мындан улам өлкөнүн бийлиги республика аймагында өзгөчө кырдаал режиминин узартылышын учурдагы талап деп эсептейт.

Бүгүн, 10-майда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча учурдагы кырдаал, өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүн жандандыруу боюнча чаралар, постпандемия мезгилине карата артыкчылыктуу милдеттер жөнүндө пикир алмашуу болду.

Элдин мындан ары дагы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кармануусу жана өлкөнүн бардык аймактарында өзгөчө кырдаал режимин сактоо зарылдыгы белгиленди.

"Кабар" МАБдын туруктуу адиси Павел Дементьевдин айтымында, өлкөдө коронавирустун жайылышына бөгөт коюу маселеси толук көзөмөлгө алынганга чейин өзгөчө кырдаал режимин алуу туура эмес.

"Мындай чечимге өлкөнүн жарандары түшүнүү менен мамиле кылышы керек, анткени республиканын бүткүл элинин ден соолугу маанилүү бойдон калууда. Белгилеп кетүүчү жагдай, президент жана өкмөт өлкөдөгү абалды түшүнүп, айрым экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берди. Бул коомдогу нааразычылыкты жарым-жартылай басаңдатты. Бирок толук түрдө коопсуздукка кепилдик берген жок. Эми жарандар кайрадан чыдамдуу болуп, коюлган талаптарды аткарууну уланта беришибиз керек. Дагы бир жолу айтарым, коронавирус илдети тараган дүйнөнүн бардык өлкөлөрү ушундай иш-аракеттерге туш болууда", - дейт адис.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган мамлекеттик органдардын экономикалык кесепеттерди жеңип чыгуу, илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иштери күчөтүлгөн тартипте улантылышы керектигин баса белгиледи.

"Мындай шартта эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө кыйынга турат. Чынын айтканда, бийликтин алдында оор милдеттер жүктөлгөн. Экономика калыбына келүү жолуна түшүшү керек, калк өзүнүн ден соолугуна кам көрүшү керек. Учурда ар бир жаран коронавирус инфекциясын жайылтып жибербөөсү үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек. Ал эми медицина кызматкерлери олуттуу жагдайлар менен татыктуу күрөшүүдө жана бул кубандырат", - дейт Павел Дементьев.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 10-майга карата коронавирус жуктурган жаңы 71 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен Бишкекте 2, Жалал-Абадда 5, Чүйдө 56, Ошто 3, Баткенде 4 жана Нарында бир учур катталган.

"Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 542 жарандын ичинен 55инде коронавирус илдети аныкталды. Бүгүнкү күндө өлкөдө илдетке кабылгандардын саны 1002ге жетти", - деди Үсөнбаев.

Үсөнбаев кошумчалагандай, Соль-Илецк шаарынан келген кыргыз жарандары бир унаада келгендиктен илдет бири-бирине жуккан.

Ушул оор мезгилде тынчтыкты сактап, өлкөнүн бийлиги койгон жана кое турган талаптарды аткаруу керек. Түзүлгөн кырдаалдан чыгууга убакыт талап кылынат. Коронавирустун түздөн-түз коркунучу болуп, ал учурда жай жайылуу баскычына өттү. Күнүнө илдетти жуктургандардын саны бирде жогоруласа бирде төмөндөп жатканына күбө болуудабыз.

Жыйынтыктап айта турган болсок, учурдагы талаптар-чектөөлөрдүн баарын алууга эрте, өзгөчө кырдаал режими COVID-19 вирусу толук көзөмөлгө алынганга чейин узартылышы керек.

Пикир

Оставить комментарий