• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Кабар” МАБ: Жалган маалыматтар эмнеси менен коркунучтуу жана алар кантип тарайт?

Аналитика 0

Маалымат мейкиндиги күн санап кеңейүүдө. 20 жыл мурда маалымат булактарынын саны аз болгон – телевидение, радио жана газета. Ал учурда интернет азыркыдай күчкө ээ боло элек болчу. Азыркы тапта жаңы интернет басылмалар пайда болуп жатат. Социалдык тармактарда жана youtube′да канал ачып, ал аркылуу маалымат тараткандар бар. Ошол эле учурда интернет аркылуу жалган маалымат жайылткандар көбөйдү.

Тарыхта жалган маалымат таратууга тиешелүү белгилүү окуя 1938-жылы АКШда болгон. Анда радиостанциянын эфиринде Герберт Уэллстин “Дүйнөлөр согушу” чыгармасы жаңырган.

Сырттан келген цивилизациянын келиши тууралуу тамашалуу уктуруу репортаж түрүңдө түзүлгөн – студияда диктор отуруп, “окуя жеринде” кабарчы болгон. Ошол эле учурда анын алдында ал уктуруу боюнча алдын ала маалымат берилген. Эфир 40 мүнөткө жакын созулган. Ал убакыт ичинде АКШда ызы-чуу башталган: көптөгөн чакырымга созулган жол тыгыны жаралып, полицияга өз куралын көтөрүп ыктыярчылар келе башатаган, айрым күбөлөр бөтөн жерден келген келгиндерди көргөнүн айтышкан.

Азыр сырттан келген келгиндерге ишендирүү кыйын. Бирок учурда жалган маалымат тараткандар башкача ыкмаларды колдонот.

Жалган маалыматтар пайда табуу үчүн же/жана кандайдыр бир кызыкчылыктарды көздөп таратылат. Мисалы баары эле “бардык оорулардан айыктырат” деген билдирүүлөдү көрсө керек. Ал ресурстар анчалык зыян алып келбейт. Ар бир көрүүчү үчүн анын ээсине пайда түшүп турат. Ал эми кайсы бир максатты көздөгөн жалган маалыматтардын жайылышы кооптуураак.

Жалган маалыматтар социалдык тармак жана мессенджерлер аркылуу жайылтылат. Алар ММК катары каттоодон өтпөйт, эгерде блокировкага коюлса, жаңы аккаунт ачып алышат.

Дүйнөлүк экономика түздөн-түз төлөбөсө да, фейк маалыматтардан бир топ каражат жоготот. Киберкоопсуздук боюнча CHEQ фирмасынын жана Балтимор университетинин изилдөөсүнө ылайык, фейк жаңылыктар дүйнөлүк экономикага жылына 78 млрд доллар зыян алып келет.

“Докладда онлайн-материалдардан улам болгон жана компания менен мамлекеттер ага каршы күрөшүү үчүн кетирген чыгымдары талдоого алынат. Фейк же көз көрүнө жалган маалымат – аудиторияны алдап, адаштырган же бир зыян алып келүү, саясий, жеке же каржылык пайда табуу үчүн даярдалып, жайылтылган жалган маалымат. Изилдөө көрсөткөндөй, интернеттеги фейк маалыматтар рыноктук акциялардын баасынын түшүнүн эсебинен жылдык 39 млрд долларлык жоготууга алып келген. Калган жоготуулар саламаттык сактоо тармагындагы жалган маалымат ($9 млрд), каржылык багыттагы жалган маалымат ($17 млрд), кадыр-баркка доо кетирүү($9 млрд) жана платформалардын коопсуздугун камсыз кылууга байаныштуу болгон ($3 млрд).

Изилдөөгө ылайык, жыл сайын саясий жарыштардын алкагында материалдарды даярдоого 400 млн доллар кетет. 2016-жылы АКШда болгон президенттик шайлоодогу өнөктүк учурунда жалган маалыматтар боюнча Принстондо жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, өнөктүк аягына жеткенде бардык материалдардын ичинен жалган макалалардын көлөмү 2,6%ды түзгөн. Быйыл АКШда боло турган президенттик шайлоодо жарнама жана жалган маалыматтарды таратуу үчүн 200 млн доллардан кем эмес каражат кетери болжолдонууда.

Бул маалыматтар жалган маалымат таратуудан улам болгон экономикалык жоготууларды көрсөтүүдө. Кыйыр экономикалык чыгашаларды эсепке алса ал андан да көп болушу мүмкүн”, - деп жазат изилдөөгө таянып tadviser ресурсу.

Жалган маалыматка кантип алданбоо керек?

Эң жөнөкөй ыкмаларын бири – маалыматты текшерүү. Гуглдын жардамы менен ал сыяктуу маалыматты башка бир булак жазганын текшерүүгө болот. Эгер ал эксклюзивдүү жаңылык болсо, аны жазган ресурстун абройлуу экендигине көңүл буруу керек. Ири басылмалар өзүнүн окурмандарын алдап, кадыр-баркына доо кетирүүгө барбайт. Айрым учурда кээ бир жалган басылмалар белгилүү бир сайттын атын алып, бир тамгасын өзгөртүп коюшат. Ага да көңүл буруу кажет. Ошондой эле социалдык тармактарда жазган адамы же булагы көрсөтүлбөгөн маалыматтарга көңүл буруу зарыл. Андай учурда маалыматты жарыялаган адам ишенимдүүбү же сиз аны тааный турганыңызды эске алуу керек.

Пикир

Оставить комментарий