• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Кабарлар" маалымат агенттигинин жетекчиси кармалды - УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.02.21. /Кабар/. Кечээ, 22-февралда маалымат агенттиктеринин биринин жетекчиси М.У.К. 84 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 203-берене (опузалап акча талап кылуу) боюнча иш козголгон.

"Кармалган адам арыз ээсинен мас абалында кайгуул кызматынын кызматкерлерине түшүп калган видеоматериалды өчүрүү үчүн акча талап кылган", — деп айтылат маалыматта.

М.У.К. УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, кармалган адам "Кабарлар" маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова.

Пикир

Оставить комментарий