• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кабо-Верденин соту 9,5 тонна кокаин менен кармалган 11 орус жаранын камакка алды

Дүйнө 0

Бишкек, 04.02.19 /Кабар/. Африканын батыш жээгине жакын жайгашкан Кабо-Верде Республикасынын соту 9,5 тонна кокаин менен кармалган 11 орусиялык суучулду камакка алуу чечимин чыгарды.

Орусиянын Кабо-Вердедеги элчилиги тергөө аяктаганга чейин кармалгандар Прая шаарындагы тергөө абакта камакта болорун билдирди.

Азырынча маңзат аткезчилигине шектелип кармалган орус жарандарына расмий айып тагыла элек.

31-январда Коба-Верде бийлиги Орусиянын 11 суучулун кармаган. Алар Панаманын желеги менен Түштүк Америкадан Мароккого бараткан кемеде болушкан.

Кемедеги экипаждын бир мүчөсү каза болуп, ал Коба-Верденин борбору Праядагы портко токтоого аргасыз болгон.

Жергиликтүү полиция кемени текшерген учурда 9,5 тонна кокаин табылган.

Маалыматтарга караганда, мурда түрк компаниясы таандык болгон кеме былтыр ноябрда Ecolive de Panama компаниясына берилген.

Пикир

Оставить комментарий