• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кабулда мектептин жанындагы жардыруудан ондогон окуучу мерт болду

Дүйнө 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Кабулдун батышындагы балдар жана кыздар чогуу окуган мектептин жанындагы жардыруудан кеминде отуз адам каза болуп, элүүдөн ашыгы жараат алды. Көз жумгандардын көпчүлүгү 11-15 жаштагы өспүрүмдөр.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү жардыруу 8-май күнү кечинде болгонун кабарлады. Анын айтымында, каза тапкандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бул жардыруу тууралуу билдирүү жасап, Кошмо Штаттар ооган элине колдоосун уланта берерин жана Кабулдагы мектептин жанындагы чабуулду айыптай турганын белгиледи.

Европа Биримдиги Кабулдагы кол салуунун айыптап, аны «жийиркеничтүү террордук акт» деп атады.

Ооганстандын Билим берүү министрлигинин өкүлү "Reuters" агенттигине каза болгондордун көпчүлүгү экинчи нөөмөттө окуган кыздар экенин билдирген.

Ооган президенти Ашраф Гани кол салууга талибдерди айыптоодо. Бирок талибдер окуяга тиешеси жок экенин айтып, алар да жардырууну айыптай турганын билдиришти.

Кабулдагы бул жардыруу АКШ Ооганстандын аймагынан аскерлерин чыгара баштаган убакта болууда.

Пикир

Оставить комментарий