• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кабулда улуттук тажик кийимдерин саткан дүкөн ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.01.18 /Кабар/. Тажик улуттук кийимдерин эми Кабулда да сатып алса болот. Ооганстандын борборунда атлас, адрас жана саймалуу улуттук тажик кийимдери сатыла баштады.

Дүкөндүн кожоюну Аёмиддин Мирхиджриёндун айтымында, улуттук тажик кийимдерин көбүнчө салтанаттуу иш-чара жана үйлөнүү үлпөттөрү үчүн сатып алышат. Ал өлкөгө ушуну менен экинчи жолу Тажикстандан аялдар кийимин алып келип жатканын белгиледи. “Тажикстанда бул көйнөктөрдү 300 сомониден баштап ($35) 1000 сомониге чейин ($115) сатып алам. Кайра ошол эле баада сатам – учурда мен үчүн киреше эмес, кардарларды тартуу маанилүү”, дейт дүкөндүн ээси.

Ооганстанда аялдар көчөгө хиджапчан чыгышат, ал эми ачык түстөгү кооз кийимдерди негизинен үлпөт учурунда гана кийишет.

Согуш башталганга чейин 1920-1970-жылдары ооган борбору дүйнөдөгү эң саркеч өлкөлөрдүн катарына кирген. 1969-жылы “Вог” журналы ооган модасынын тарыхына байланыштуу өзүнчө материал жасаган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий