• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кабулда жардыруу жана куралдуу кол салуу болду: 7 киши каза тапты

Дүйнө 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. Афганистандын борбор калаасы Кабулда Байланыш жана телекоммуникация министрлигине жардыруу жана куралдуу кол салуу болуп, 7 киши каза болду, деп кабарлады TRT.TR.

Кабулдун Коопсуздук башкармалыгынын басма сөз катчысы Басир Мужахит, шаар борборундагы министрлик имаратынын алдында болгон жарылуудан кийин кылмышкерлердин имараттын ичине кирип барып коопсуздук күчтөрү менен кагылышканын билдирди.

Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга алган жок.

Пикир

Оставить комментарий