• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кабулдагы жардырууда ондогон адам каза болду

Дүйнө 0


Бишкек, 31-май /Кабар/. Афганистандын борбору Кабулдагы жардырууда ондогон адам каза болуп, 100дөн ашыгы жаракат алган. Бул тууралуу Пажвак агенттиги билдирет.

“Кабулдагы жардырууда ондогон адам каза болуп, 100дөн ашыгы жаракат алды”, - деп айтылат Twitter агенттигинин билдирүүсүндө.

Буга чейин агенттик өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине таянып, 60 жарадар тууралуу билдирген. Өз кезегинде Ассошиэйтед Пресс агенттиги афган чиновниктерине шилтеме кылып, жардыруунун натыйжасында 50 адам “өлтүрүлгөн же жарадар” экендигин кабарлаган.

Шаршембиде эртең менен Кабулда президенттик сарайдан жана чет элдик элчиликтердин имараттарынан алыс эмес жерде катуу жардыруу болуп, алардын терезе, эшиктери талкаланган. Рейтер агенттиги полицияга таянып, жардыруу Германия элчилигинде болгондугун билдирди. Жардыргыч коюлган унаа жарылган. Натыйжада, Синьхуа агенттигинин Кабулдагы бюросунун имараты да жабыркаган.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий